Кыргызстанда 2-июнга карата коронавирус илдетине кабылган 28 жаран аныкталды. 

Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү Республикалык штабынан билдиришти. 

“Бир сутка ичинде COVID-19 диагнозу менен катталган 28 жаңы учурдун 16сы четтен келип жаткан жарандардан аныкталды. Тактап айтсак, обсервацияда жана үй карантинине алынгандардын арасынан тастыкталган. Ошондой эле, ар бир тастыкталган учурдун  тегерегиндеги болгон байланыш жактардын баарын көзөмөлгө алып, карантинде кармап жатабыз. Мына ушул байланыш жактардын арасынан 12 учур табылып, тастыкталды», - деп айткан Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.