Акыркы суткада Нарын шаарында коронавирустан 79 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Айтымында, аял 1941-жылы туулган. Нарын облустун ооруканасына 13-майда келген. Ал инсульттун кесепеттерин жоюуга дарыланган. Ага катар аял сахар диабети менен да жабыркап келген. Коронавирусту кайдан жуктурганы белгисиз.

Министр белгилегендей, 29 –майда оорулуу жандандыруу бөлүмүнө которулган. 30-майда акыбалы оордоп, пневмонияга кабылганы аныкталган. Кислороддук концентраторго туташтырылган. 1-июнда акыбалы баштагыдан да оордогондуктан ИВЛ аппаратына кошушкан. Бирок жүрөгү токтоп калган.

Эске салсак маркумду кошкондо Кыргызстанда коронавирус илдетинен ушуну менен 17 адам көз жумду.