Депутат Чыныбай Турсунбеков алты фирмасын салык декларациясында көрсөтпөй жашырып койгон. Economist.kg басылмасынын маалыматына караганда жашырган  компаниялардын айрымына түптөөчү, калганына жетекчи катары жазылган. Алар – тренажердук зал, басылма, “Актек-Курулуш” ЖЧК турак-жай курулушу. Ошондой эле депутаттын эки жылдык кирешеси 39 миллион сомдон ашуун каражатты түзгөн.  

 Белгиленгендей, курулук турак-жай ЖЧКсы 1999-жылы каттоодон өткөн. Ушул жылдын 4-мартына чейин үч түптөөчүсүнүн катарында Чыныбай Турсунбековдун да аты жазылып келген. Мүлктөрүн жашыруу менен эл өкүлү 2013-жылдан 2018-жыл аралыгында бюджеттен 117 миң 880 миң сом кымырган.

Эске салсак, жыл сайын берилчү салык декларациясына депутат менчигинде алты батири бардыгын, жакын туугандарынын наамына беш батир катталганын белгилеп келген. Андан тышкары төрт жер үйү, гараж, жер тилкелери, турак-жай имараттары бардыгы да айтылган. Бирок ишкерчилик менен алектенери тууралуу үн катпаган, декларациясында алты фирмасынын дайын-оту болбогон.