“Свердлов районунун мобилдик бригадасынын дарыгерине  айлык акы, анын  Үй-бүлөлүк медициналык борборго тапшырган маршруттук баракчасы жана табелине жараша эсептелип, төлөнгөн”, - деп түшүндүрдү  Бишкек шаардык мэриясынын  саламаттык сактоо  башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова.

Бул тууралуу COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү Республикалык штабынан билдиришти. 

“Медициналык кызматкерлерге айлык акы төлөнгөн жок же  суммасы аздык  кылат деген маалыматтар чыккан. Бирок, бардык кызматкерлерге айлык акы табель боюнча эсептелип,  төлөнүп  берилди. Ал  эми, жогоруда айтылган дарыгердин маршруттук барагы туура эмес толтурулган, мындан улам ал  баракты оңдоп, Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды. Себеби, ар бир акы ведомстводо эсептелип, төлөнөт. Буга чейин, акы саатына 100 сом төлөнгөн мезгилгде эсептелип, берилген. Азыркы учурда медиктер үйгө кетпестен,  вахталык режимде иштеп жатышат. Андыктан, май айында айлык акынын суммасы  көбөйүп, өзгөрөт”, - деген  Б.Исмаилова.