Ал коронавирус пандемиясы, чек ара чатагы боюнча акыркы окуяларды чечүүнүн жолдору тууралуу комментарийинде жакынкы күндөрү Абылгазиев жумушка чыгат деп үмүттөнөрүн айтты.

«Кырдаал өтө кыйын болуп турат. Ушундай кырдаалда маанилүү бийлик бутагынын, аткаруу бийлигинин башчысы катары анын аракетин элдин баары күтүп жатат. Иште болушу, анын алкагында тийиштүү аракеттерди жасашы керек экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. «Мен ишке чыгам, бирок териштирүү иштерине кийлигишпейм» деп айтат го деп ойлоп атабыз. Менимче, бир-эки күндө чыкса керек».

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыскача эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Ал канчасына чейин эс алууда болору айтылган эмес. Ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өкмөттүн ишин жүргүзүү тапшырылган.

Социалдык түйүндөрдө чек арада абал курчуп турганда анын эс алууда жүргөнүн сындагандар бар.

Өкмөт башчынын басма сөз кызматы мындай сынга жооп бере элек. Премьердин качан ишке чыгары тууралуу да азырынча комментарий бере элек.

31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат. 

Булак: Азаттык