Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жүк ташуучу унаалардын алты чакырымга созулган узун кезеги пайда болгонун айгинелеген видеотасма бүгүн интернетке тарады. Аны тарткан адамдын айтуусунда мындай көрүнүш чек арада бүгүн, 1-июнда, саат 11лер чамасында болду.
Мамлекеттик чек ара кызматы бул маалыматты тастыктады. Бирок алар белгилешкендей, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары чек ара кызматына нааразычылык билдиришкен жок, жүк чек арадан өтүп жатат. Болгону короновирусту алдын алуу жана жайылтоо аракеттерине байланыштуу чек арадан өтүү көп убакытты талап кылууда. Ошондой эле кийинки күндөрү жүк ташуучу унаалардын катары көбөйдү.