Окумуштуулар жогорку IQ генийликтин белгиси эмес дешет. Баланын акыл-эс жөндөмдүүлүгүн тест аркылуу билип алуу мүмкүн эмес. Бирок сиздин балаңыздын келечеги кең болоорунун бир нече белгилери бар. Балким белгилүү сүрөтчү, ийгиликтүү ишкер же дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы болот. Эң башкысы баланын талантын өз убагында байкап, аны өөрчүтүүгө күч аракетти жумшоо керек. Окумуштуулардын айтымында болочок генийлер төмөнкүдөй сапаттарга ээ болушат:
Сүрөт, жазуу, ойлоп табуу
Таланттуу бала маалымат чогултат. Анын баарын эсинде сактайт. Кайсы бир жерге барып келгенден кийин балаңыз көргөнүн сүрөткө тартабы? Анда куттуктайбыз, балаңыз жөндөмдүү. Окумуштуулар мындай жөндөм балдардын 2-10 пайызында гана кездешерин айтышат.
Өзү жерде, оюу асманда
Акылдуу балдар –тартиптүү периштелер эмес. Алар көбүнчө өз ойлору менен алек болушуп, ата-энесин укпай коюшат. Андан тышкары ойдон чыгарып окуяларды айтышат. Мындай фантазия ата-энени жана мугалимдерди нес кылышы мүмкүн: бала чын эле калпычыбы? Жок. Бай ой жүгүртүү – жогорку интеллектин белгиси.
Тез сүйлөшөт
Сүйлөө темпинин тездиги ординардуу эмес акыл-эс жөндөмдүүлүгүн билдирет. Анткени кичинекей сүйлөөктөрдө чоң сөз запасы бар. Кээ бир учурда таланттуу балдардын тили кеч чыгат. Окумуштуулар мындай балдарда Эйнштейн синдрому пайда болгон дешет. Альберт Эйнштейн 7 жашында гана сүйлөгөн экен. Мындай мисалдар көп.
Сулуу жазышпайт
Таланттуу балдар көбүнчө билимдин бир тарабына гана ыкташат. Же кызыкчылыгы кезектешип келет: бүгүн динозаврды изилдешсе, эртең планета тууралуу гана окуп калышат. Сүйүктүү илимди күндөп-түндөп окуй бериши мүмкүн. А бирок кызыктуу болбогон илимди дисциплина үчүн болсо да окумуш болушпайт. Эгер сиздин балаңыз математик болсо, анда гуманитардык илимдерге кош көңүл болот. Ошондой эле кол жазманын начар болушу да потенциалдуу генийдин дагы бир белгиси. Бала тез, бирок дептерин булгап, тамгаларды ийрейтип жазышы – бул анын оюунун артынан кубалап баратканын билдирет. Андан тышкары көп учурда мектеп эрежелерине баш ийгиси келбейт.
Тез тил табышат
Акылдуу балдар өзү менен өзү болуп, китептен башын көтөрбөгөн ботаниктер катары кабыл алынып калган. Бирок “социалдык интеллект” деген да түшүнүк бар. Гений болуш үчүн сөзсүз эле мээсине 100 формуланы сактоо зарыл эмес. Социалдык генийлер башкалар менен мамиле түзө билишет. Эгер сиздин балаңыз балдар менен тез аралашып, жаңы оюнга тартып кете алса жана ага акыйкаттуулук түшүнүгү жат болбосо, анда ал таланттуу. Окумуштуулар дагы бир “эмоционалдык интеллекти” белгилешет, бул – өзүнүн жана башкалардын эмоциясын башкара алуу. Мындай балдар чоңойгондо ийгиликтүү жетекчи, саясатчы жана маркетолог болушу ыктымал.