Туризм жаатында короновирустун алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир катар эрежелер иштелип чыкты.  Маданият, маалымат жана туризм жана Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп дартты токтотуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекитишти.

 Ошондо, эс алуучу жайлардын ээлери жана эс алуучулар төмөнкү эрежелерди сактоосу шарт:

-Эс алуучулар күн сайын катышсыз термометр менен дене табын өлчөө;

-Эс алуучулар каттоодо үймөлөктөшүп кезек күтпөө;

 -Номерлерге бирден ашык адам жайгаштырылбашы керек, эгер эс алуучулар бир үй-бүлө мүчөлөрү болсо болот, бирок анда да бир адамга 6 м2 аянт туура келиши зарыл;

 -Эгер эс алуучулардын бири  белгиси короновирус инфекциясына окшошуп жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп баштаса төмөнкүнү эске алуу керек:

-Аны башка адамдардан бөлүп өзүнчө жаткыруу;

-Аймактагы Мамлекеттик санитардын көзөмөл кызматына, короновирус инфекциясы менен күрөшүүчү аймактык штабга жана мобилдик бригадага тез арада кабарлоо керек.

 Жээк жана ага жакын аймактардагы талап:

-Пляж керектөө жабдыктарын (шезлонг, кийим алмаштыруучу жай, бут жуучу жай ж.б.) социалдык аралык принцибин сактоо менен орнотуу, мүмкүнчүлүк болсо сигнал белгилерин коюу;

 -Жол жүрүү, суу үстүндөгү экскурсияны дистанция сактоо менен аткаруу;

-Кемедеги айланууну элди көбөйтпөй, дистанция сактоо менен жүргүзүү;

-Эс алуу обьектисине караган аймактарда инфекцияны алдын алуу үчүн балдар оюн жайларын, орундуктарды, чатырларды, аттракциондорду, таштанды таштоо жайларын, кармагычтарды, банк терминалдарын, каалга туткаларын дезинфекциялап туруу.