Жогорку Кеңештин тармактык комитет жыйынына Саламаттыкты сактоо министри катышты. Депутат Руслан Казакбаев соцтармактарды каптаган коронавирустун кесепеттери тууралуу маалыматтардын калп-чынын билүүгө кызыкты.

“Соцтармактарда жазып атышат, кайсы бир адам ооруканада жатып каза болуп калса, анын туугандарына дарыгерлер жолугуп, “мынча акча беребиз, коронавирустан каза болду деп кол коюп берип коесуздарбы дегендер болуп жатыптыр. Мындай маалыматтар калп болсо демек провокация, маалыматтык согуш. Кылмыш иши козголушу керек”, - деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Ага жооп иретинде Казакбаев жалган маалыматтар пайда болгондо УКМКга расмий кайрылуу жолдоо зарылдыгын, провокация жасап жаткандар ачыкталышы керектигин белгиледи.