Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин качан жумушка чыгаары азырынча так белгилүү боло элек. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын эмгек эргүүсүнүн качан аяктаары жумушка чыккан күнү гана билинет.
Эске салсак, Абылгазиев 27-майда кыска мөөнөттөгү эмгек эргүүсүнө чыккан. Радиожыштыгын сатуудагы коррупция тууралуу маалымат ачыкка чыгып, ага Абылгазиевдин катыштыгы бардыгы божомолдонгон. Айрым депутаттар өкмөт башчы мындай маалыматтардын калптыгын дадилдеши керек деген пикирди карманышкан. Мындан улам өкмөт башчы убактылуу эл көзүнөн оолак болууну чечкендиги айтылган.