Блогер Сыдыман (өз аты Элмир Сыдыманов) ушул жылдын 17-февралында камакка алынган. Антүүгө анын соцтармактагы хейтерлер тууралуу билдирүү таратканы себеп болгон. Бир күндөн кийин баш коргоо чарасын караган сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин блогердин апасы мамлекет башчысына кайрылып, уулун кечирип, боштондукка чыгарып берүүсүн өтүнгөн эле. Арадан үч айдай убакыт өткөндөн кийин Сыдыман дагы элге кайрылуу жасады.

Белгилей кетсек, бүгүн 1-июнда, саат 14.30да  сот анын ишин карап, жыйынтыктоочу чечим кабыл алат. Мындан улам блогер коомчулуктан сотко келип катышып берүүлөрүн өтүндү.

“Отурум Октябрь райондук сотунда болот. Менимче соттук иш өтө кооптуу болууда. Сөккөн адамдарга сөгүп жооп кайтарганым үчүн жети жарым жылга эркимден ажырашым мүмкүн. Сиздер сотко келип катышып берсеңиздер балким коомчулуктун көзөмөлү сөз эркиндигин баалоо катары кабыл алынып, акыйкат чечим чыгып калат”, - деген Сыдыман соцтармактарда азыр сөгүнбөгөн адамды табуу мүмкүн эместигин, андай сөгүүлөргө сөгүү менен жооп берүү өтө оор кылмыш катары эсептелинген  313-беренеге ылайык келбешин белгилеген.

Андан ары блогер апасы дагы бир ирет президентке кайрылганын айткан. Андан ары:

“Үй-бүлөдө жөлөк болчу жалгыз менмин. Жашоо-шартыбыз дагы деле начар. Жактоочуга төлөп жатып акчабыз калбай баратат”, - деген.