Ырчы Малик Аликеев бутунан баспай калып, учурда Таласта, 90 жаштагы апасынын багуусунда болуп жатканы жакында интернет желесине тарады. Кары-жашка бирдей жаккан ырчынын эки жылдан бери тагдыр сыноосунда калганы чынында баарыбызга күтүлбөстүк болду.
Учурда ырчылар жамааты Малик Аликеевге жардам берүүнү ниеттенип башташты. Айчүрөк Иманалиева атайын чакырык жасап, кесиптештерин таланттын тагдырына кайдыгер карабоого чакырды.
“Мөлмөлүм” ыры менен жалпы кыргызга таанылып, мукам үнү менен элдин жүрөгүнөн орун алган таланттуу ырчы Малик Аликеев тагдырдын сыноосуна кабылып, учурда дарт менен алышып жатат. Баса албай калгандыктан ага тез арада дарылануу зарыл. “Көп түкүрсө көл болот” дейт, келгиле баарыбыз жардам кылалы. Элүү сом, же жүз сом – канча болсо да ниетиңиздерден чыгарган каражатыңыздар таланттуу адамды жашоого кайрып алып келээрин билиңиз. Кайдыгер болбойбу, көңүл сыртында калтырбайлы. Баарыбыз бирдей кол суналы.
0703 304747 – Элсом
Оптима картасы – 4169585344757652”, - деп жазды ырчы айым соцтармактагы баракчасына.
Бул чакырык бир гана ырчыларга эмес, баарыбызга тийиштүү экенин унутпайлы. Жаш кезинде арабыздан кетип, ичибизди ачыштырган таланттарыбызды эстеп, Малик Аликеевди сактап калууга, аны кайрадан жашоого кайтарууга аракет кылалы!