Ушул аптада Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана регламент боюнча комитетинде депутат Дастан Бекешевдин сунушу каралат. Депутат соцтармактагы баракчасына жазып чыккандай, ал шайлоого катышууну каалаган партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштаган.

“Келерки аптада конституциялык мыйзамдар комитети шайлоого катышуучу партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин ылдыйлатуу боюнча менин сунушумду карайт.

Иллюзия жок, ошондуктан сунушту жалпы парламентке добуш берүүгө чыгарууну сурангам. Андыктан байкап тургула жана кесиптештеримден шайлоо күрөөсүн ылдыйлатууну талап кылгыла”, - деп жазган депутат сунушунун колдоого алынышына ишеңкиребей.

 Эске салсак шайлоо күрөөсүн 5 миллионго жеткирүү 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында сунушталып, кабыл алынган. Ага дейре шайлоого катышууну каалаган партиялар 500 миң сом төлөшү керек болчу. 2010-жылы 500 миң сом күрөө учурунда парламенттик шайлоого 29 партия катышкан. Ал эми 2015- жылы, беш миллион сом төлөөгө болгону 14 партиянын дарамети жеткен. Мындан улам 2019-жылдан тартып айрым депутаттар шайлоо күрөөсүн азайтууну демилгелеп келатышат. Өткөн жылы Исхак Масалиев баштаган бир катар депутаттар 1 миллион сомго ылдыйлатууну сунуштаган мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам  долбоору максатына жеткен эмес.