Бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча ачылган кылмыш иштин негизиндеги сот отуруму болууда. Учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурумга алынып келинди.
Ал эми сыртта, сот имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Бул сапар Атамбаевдин боштондугун талап кылгандар эмес, аны жана Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Икрамжан Илмияновдорду кылмыш жоопкерчилигине тарттырууну каалаган көпчүлүк топтолушкан. Митингчилер Атамбаев Кыргызстан коррупцияга алкымына чейин батып, сырткы карызга карк болуп калганына күнөөлүү деп эсептешет. Алар мурдагы президент өлкөнүн бардык карызын төлөп берүүгө милдеттүү экенин кыйкырып айтып жатышты. Ошондой эле кылгандары үчүн жазасын алышы керектигин да кошумчалашты.
Эске салсак Атамбаев 2019-жылы август айында Кой-Таш айылында болгон окуяга жана Азиз Батукаевдин бошотулушуна айыпталып кармалган.