Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1817 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен коронавирус илдетинен сакайгандардын жалпы саны 1181 адамды түзөт
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 21 адам;
- Ош шаарында 9 адам;
- Нарын облусунда 14 адам;
- Чүй облусунда 6 адам;
- Ош облусунда 1 адам;
- Чет өлкөлөрдөн келген 18 адам.