Урматтуу кыргыз элим! Амансыздарбы!

Таластык жигит Болсун Рысбековдун мага карата "Курманбек Салиевич, мени кечириңиз!" - деп, өзүнүн жекече баракчасы аркылуу кайрылганы, Кыргыз элиме кайрылууга түрткү болду. 2010 - жылдын 6-7 - апрель күндөрү болгон окуялардын бардыгын көз алдыма, кайрадан келтирип, терең ой жүгүртүп, көпкө ойлонуп төмөнкүдөй жыйынтыка келдим. Кара тамга менен жазылган, тарых барактары
баарыбыздын эсибизде. Аны кайталап отуруунун кажети жок. Арадан он жыл убакыт өттү. Мезгил, убакыт бардык окуяларга тараза.
Болот Рысбеков деген жигиттин калыстык менен айткан сөзүн, мен чыныгы эр жүрөк, мекенчил, “кара кылды как жарган” кыргыздын мекенчил жигитинин жигиттик сөзү катары кабыл алдым. Анткени миңдеген, миллиондогон карапайым элимдин жүрөгүндө ушундай калыс сөз бар экендигин жүрөгүм менен сезгем. Убакыт дарылайт. Мезгил өтөт. Кимдин ким экендигин тарых барактары ажыратып
тактап берет. Болсун Рысбековдой чындыкка тике караган, калыстыктан тайбаган мекенчил адамдар, чыркыраган чындыкты качан болсо, калктын алдына калпып алып чыгышат деп, ишенемин. Болсун Рысбековдун сөзүнө чейин эле мен, 2010 - жылы 6 - апрель күнү Таласта, 7 - апрель күнү Бишкекте болгон төңкөрүшкө өз оюм, көз карашым менен жыйынтыгымды чыгарып бүткөнмүн. Анткени ал төңкөрүшкө катышкандар, ошол төңкөрүштүн максатын бири билсе, бири билбей, бири түшүнсө, бири түшүнбөй туура эмес маалыматтар менен ызы-чууга келип калышып, ачууга алдырып коюшканын туура түшүнгөнмүн. Айрымдары каргашалуу ошол күнгө эмнеге келгенин да билбей
атайын уюштурулган “түрдүүчө” аракеттерден улам өлүмгө дуушур болушту. Болсун Рысбеков, азамат жигит экенсиң! Аман бол, азаматым! Аны менен бирге эле иним Асейин Саралаевге, Бактыгүл Жумабаевага, Урмат Акуновго ачуу чындыкты айтып, ачыкка чыгаргандыгы үчүн
терең ыраазычылык билдиремин. Алар, ошол каргашалуу мезгилге баа бергенине ыраазычылык билдиремин. Сени жана сен сыяктуу төңкөрүшкө катышкан жарандарды, эчак эле кечиргенимди жар салуу менен расмий түрдө кайталап айтамын. Ошол күндөгү каргашалуу күндөгү окуяга катышкан жарандарды кечирдим! Силерди күнөөлөбөймүн, күнөөлөгөнда эмесмин. Бардыгына Жараткан эгем
күбө... Бирок, төңкөрүштү уюштуруучуларды, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Болот Шерниязов жана башка башында турган 14 Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн өзүм үчүн эмес, бүгүнкү күндө ар тараптан кыйналып карайлап турган кыргыз элим үчүн эки дүнүйө кечирбеймин!

Анткени булар, КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН БҮЛҮНДҮРГҮЧ, ТАЛКАЛАГЫЧ, КЫЙРАТКЫЧ, ЭЛ ДУШМАНДАРЫ! Энелердин, жесирлердин, жетимдердин көз жашы буларды эч качан жөн койбойт. 14 Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн Кудай эл алдында жазасын берет. "Бирөөгө көр казсаң, өзүңө ырастап каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн" - деген улуу сөз бар. Бирөөнүн жасаган эмгегин менчиктеп алуу, жаманатты кылып караөзгөйлүк жасоо, күнөөсү жок адамдардын
жанын курмандыка чалуу, көз жашын агызуу, карапайым элдин тагдыры менен кан төгүп ойногондор, төгүлгөн кандан, жасалган төңкөрүштөн басмачылык менен бийликти басып алып, байлык топтоп, уурулук, мародёрлук, талап тоноочулук жасап, өз жашоосуна шарт түзүп, элдин мүлкүн менчиктеп алган УӨттүн мүчөлөрү тарых алдында сөзсүз жооп бериши керек. Менин таптакыр күнөөм жок дегенден алысмын. Президент катары күч түзүмдөрүнө ишенүүчүлүк менен мамиле жасап, алдын-ала бузукулардын аракетин байкабагандыгым, алдын-ала чара көрбөгөндүгүм үчүн моралдык жоопкерчилигим бар экендигин моюнга аламын. Катардагы жарандарда эмне күнөө. Мына он жыл убакыт өттү, калктан өткөн калыс нерсе жок. Өзүңүздөр салыштырып баалап билип аласыңар. Мен мага чейинки, менден кийинки иштеген Президенттер жөнүндө эч нерсе деп айтпайм. Айткан да эмесмин айтпаймын. Калыстык менен эл өз баасын берип алсын. Тарыхый окуялар толук мисал боло алат. Болгон окуялар өзү далилдеп турат. Бир күн келип баары мыйзам жолунда аныкталат. Кыргыз элимдин алдында башымды бийик коюп, өзүмдүн элимдин алдында актыгым аныкталат буюрса. Күнөөкөрлөр, элдин убалына калып, күнөөнү Бакиевдерге шылтоолоп, оодара салып, Кыргыз мамлекетин талкалаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн чыныгы жүзү, тарых алдында ачылат. Мыйзам ченемдүү жообун алышат деп үмүт кылам. Анткени кан коё бербейт. Чыныгы күнөөкөр, канга колу малынгандарды Кудай сөзсүз күнөөсүн мойнуна коюп жазалайт. Элдин алдында, Жараткан эгемдин алдында менин эч кандай кан төгүү, карапайым элдин балдарынын канын төгүү, энелердин боздогон көз жашын, күйөөсү өлүп бозоргон жесирлердин кайгысын, ай мончоктой жаш балдардын жетим калып бозорушун көрүү оюма эмес, кыялымда жок нерсе болгон. Убактылуу өкмөттүн өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жасаган "Апрель окуясын" кыраакы кыргыз элим качандыр мезгилде түшүнөт деп ойлоймун. Анткени, "Ак ийилет, сынбайт", "капка шибегени жашыра албагандай" эле чындыкты эч ким жашыра албайт, убагы келгенде баары ачыкка чыгат. Кыргыз элиме амандык, тынчтык, биримдик, ынтымакчылык каалайм. Эч качан жамандык болбосун. Кыргыз мамлекети өсүп өнүксүн. Аман болгула кыргыз элим! Мен сиздер менен дайым биргемин! Сиздерди терең урматтоо менен Курманбек Бакиев.