- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” көркөм фильминин сценарийин чет тилдерге котортуп, бир канча мамлекеттердин ири кино компаниялары менен биргелешип тартууга аракеттенип жатканыңызды жар салгансыз. Таажы тумоого байланыштуу токтоду окшойт го?

- Россия, Кытай, Индия, Турция, Франция, Канада өлкөлөрүнүн кино ишмерлери менен кызматташып, дүйнөлүк улуу эпосубуздун негизинде эл аралык аренага чыкчу тасма жаратууга белсенип жатканбыз. Өкүнүчкө, улуу тумоо кендирди кесип, убактылуу токтотту.

- “Президент жана бомж-3” интернетке жарыяланды.

- Ооба. “Президент жана бомж-3” 2018-жылы май айында Кыргызстанда кинотеатрларда көрсөтүлүп, ошону менен аны чет өлкөлөрдө коюп, жаңы эпизоддорду кошумчалоо үчүн токтотуп турганбыз. Эми Кыргызстан, Казакстан, Кытай биргелишип жаңы тасма тартканы турганыбыздан улам аны интернетке коюп, элге тартууладык.

- Көрүүчүлөр кандай кабыл алып жатышат?

- Көрүүчүлөр көп топко бөлүнөт. Көпчүлүгү детектив, криминал, боевик, секс тасмаларга кызыгышат. Аларга арийне, интеллектуалдык деңгээлдеги тасмалар жакпайт. Ал эми акыл парасаттуу, саясат, маданияттан кабары бар өскүлөң катмар кызыгып, бир жумада 300 миңден ашык киши көрдү. “1-2-сине жетпей калыптыр” дегендер бар. “Түшүнүгүңөр жетпесе өз деңгээлиңердеги кинолорду көрө бергиле, бул өзүнчө мыкты тасма болуптур” дегендер бар. “4-сү качан чыгат” дегендер чыкты.

- “Президент жана бомж-4” чыгабы?

- Мурда оюм деле жок болчу. “Жаңы президент шайланды, болду” деп жүргөм. Аңгыча өлкөдө саясат курчуп эски жана жаңы президенттерибиз Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда кырды бычак курч күрөш жүрдү. Элге эң жогорку чөйрөдө эмне болуп жатканы абдан кызык. Былтыр бир саясатчылар жыйналып кызуу талкуу кылган жыйында мен сыйлаган кесиптешим Бегалы Наргозиев сунуштап атпайбы: “Өмүке, Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши тууралуу кино тартпайсызбы” деп. Мен катуу ойлонуп калдым. Ооба, өтө курч тема. Кийин, өзгөчө “Президент жана бомж-3тү” көрүп алышып, “эми 4-сү чыгабы?” деп кызыгышканда 4-сүндө өлкөбүздөгү дал ушул талылуу жагдайды камтыган тасма жаратуу ою келди. Себеби, “Президент жана бомж” – жогорку жана ылдыйкы катмардагы турмушту чагылдырган тасма. Бул эки катмардагы күрөш, турмуш бүтпөй, уланып жатат. Демек, кино да уланышы керек.

- “Президент жана бомж-3”тө мурда биздин гезитте көтөргөн Бишкекке 30-50 кабаттуу асман тиреген имараттарды куруу идеясын берипсиз.

- Ооба. Бийликке коомчулуктун атынан искусство өкүлдөрү элдин атынан өнөр өкүлдөрү жаңы идеяларды макала, адабий чыгарма, кино аркылуу сунуштайт. Бул эзелтен келаткан нарктуу ыкма. Мен чет өлкөлөрдө көп жүрүп, Нур-Султан, Москва, Баку, Грозный шаарларындагы көп кабаттуу асман мелжиген бийик имараттарга суктанып, “бизде ушундай ажайып имараттар курулса” деген ойдо сунуштап жатканым. “Астана-Эксподо” 150 миң киши иштеди. Биз андай ири курулуштарды колго алсак, 200-300 миң жумушчу орундары ачылмак. “Президент жана бомж-3”тө айткандай чет өлкөлөрдө жүрүшкөн уул-кыздарыбыз келишип, өлкөбүздү өркүндөтүүгө салым кошушмак. Шаарыбыз, өлкөбүз өсмөк. Казынага ири каражаттарт түшмөк. Андай бийик иматтардын бирин Акаевденр, экинчисин Бакиевдер, үчүнчүсүн Атамбаевдер, төртүнчүсүн Салымбековдор, бешинчисин Бабановдор, алтынчысын Матраимовдор, жетинчисин Абдыкерим Шаршеналиевдер, сегизинчисин Шадиевдер, тогузунчусун Түлеевдер... Каржылык амнистия жарыялап, баарын чакырыш керек... Кыргызстаныбызды жабылып көтөрүүгө... Кинону көрүп алышып, комментарий жазып жатышпайбы, “ушул кинону биздин чоңдор көрүшөбү?” дешип. Ооба, көрүшөт. Баары көрүшөт. Анткени, бул алардын турмушун чагылдырган саясий сейрек популярдуу тасма.

- Президенттер да көрүшөбү?

- “Президент жана бомж” жаңы чыкканда президенттин кеңешчиси Фарид Низов келди кинотеатрга. “Президент көрүп келчи” деп жиберди” деп. Кийин Атамбаев айтыптыр:”Менин ишмерлигим тууралдуу “Президент жана бомждун” автору тартсын” деп. Арийне, андай тасма тартылган жок, аны жандоочулары Сапар Исаков менен Албек Ибраимов бузганын силердин гезитке убагында жазганбыз. Кеп ал жөнүндө эмес, кеп элге кеңири тараган тасманы мамлекет башчылар көрбөй коё албасын айтып атам. 

- Жогоруда Кыргызстан, Казакстан, Кытай биргелешкен тасма тууралуу айттыңыз, ал эмне деген тасма?

- “Бир алкак – бир жол” (“Жибек-жолу”) экономикалык алкагынын Нур-Султандагы Орто Азия боюнча бөлүмү менен иштешип, эл аралык бир ушундай кино долбоор даярдап атабыз. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Кытайдын белгилүү кино жылдыздары катышып, үч өлкөнүн кино ишмерлдери жаратышы керек.

- “Бир алкак – бир жол” – Кытайдын доолбору. Кыргызстан Кытай экспанциясынан чоочуп турганда анын келечеги кандай болоор экен?

- Экспанция, бир өлкөнү күч менен басып алуу деген мурдагы, өткөн замандын көрүнүшү. Азыр башка учур. Кытайлар азыр кыргыздар сыяктуу жерди басып албай эле дүйнө өлкөлөрүн аралай чаап иштеп, жашап жүрүшпөйбү. Мен жакында Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен үй-бүлөсү менен бирдикте кенен таанышып, ээн-эркин аңгемелештик. Мен курактуу, өтө билимдүү, интеллигент жигит. “Совет учурунда бизди “Кытай басып кирет” деп коркутушчу” десем, Чжан Сяо күлүп атпайбы: “А бизди “Советтер Союзу кол салышы мүмкүн” деп коркутушчу” деп... Экинчиден, биз Кытай менен да, Россия менен да, Америка менен да, Европа менен да тыгыз кызматташып, экономикабызды көтөрүп, маданий байланышты арттырышыбыз кажет. Бул – учурдун ургаалдуу талабы.

Булак: "Майдан.kg" газетасы