- Чыныбек байке, “Чоң казатты” бири колдосо, бири сындап жатат. Алардын аракетин колдоого алса болобу?

- Коррупцияга каршы күрөш, коррупционерлердин ишин ашкере кылуу аракети учур талабы. Коомчулук жемкорлордон сурап алчу мезгил келди. Капиталисттик коомдо жашап жатканыбызга 30 жыл убакыт болду. Жеткен жети жеп, жетпеген тентип кеткен заманды басып өттүк. Колунда жок, жада калса мамлекет тарабынан 30 жыл мурдагыдай бекер жер үлүшүн, же башка нерседен албай куру жалак калган муун өсүп чыкты. Албетте, алар үчүн байлардын байлыгы көп көрүнүп турган маалы. Мындай тазалануу, керек болсо тартып алуу процесстери көп өлкөлөрдө болгон. Биз ошол чекке келдик. Кызыгы бийлик оозу менен айтканы менен иштиктуу эч нерсе жасабай жатпайбы. Эл демилгени өздөрү колго алууда. Бул жакшы процесс эмес. Башаламандыктын башталышы десем болот. Мыйзам чегинде көрүнүктүү иштер тез арада бийлик тарабынан жасалбаса акыры көп көйгөйгө алып келиши мүмкүн. “Чоң казат” боюнча айтсам булардын бир нерсе жасаарына көзүм жетпейт. Жапыкеевдин жеке өзү күмөндүү фигура. Принциби, аракеттери боюнча көңүлүм толбогон көп жагдайлар бар. Бирок процесс башталды. 

- Коопсуздук кеңеши 4 жылдык планды камтыган анти коррупциялык стратегия кабыл алды. Президент эч ким кызматына каралбай жазаланаарын эскертти. Бул антикоррупциялык стратегиядан  майнап чыгат, коррупция менен күрөш күчөйт деп ишенсек болобу?

- Майнап деле чыкпайт. Чыкса, том-том кагазы жок эле иш болмок.

- Сыймык Жапыкеевди Кубанычбек  Жумалиев 10 млн. сомдук доого жыгуу үчүн сотко берди. Эми “Чоң казат” тизгинин тартабы же баштагыдан да күч алабы?

- Сыймык Жапыкеевдин 10 млн. сому болсо төлөйбү? Эми бир Жапыкеевдин жаагын басып койгон болбогон нерсе. Жогоруда айттым го, процесс башталды деп. Байкасаң жер-жерлерде мыйзамсыз байыгандардын тизмесин түзүп жатышат элдер. Муну токтотуш оор болуп калды. Бир силкинип, тазаланчу учуру келатат. Артык кылабыз деп, ашыкча мыйзамсыз иштер орун алып кетеби деп кооптоном. Кудай сактасын, бирок бул жүрүш менен бара берсек жакшы болбойт. Мамлекеттик органдар эл талап кылып жаткан иштерди колго алып, мыйзамдуулук чекке буруш керек.

- Кубанычбек Жумалиевдин “Чоң казатчылар” айткандай байлыгым жок деп куран да кармады. Бирок, Сыймыкка да, Жумалиевге да кылмыш иши козголду.  Мындан ким утуп, кимиси утулат?

- Бул бийликтин от менен ойногон шоусу. Эч ким пайда таппайт. Чындык бирөө эле да. Ар кимге доомат коюп чындыкты тапкысы келген укук коргоочулардын аракетине баракелде. Эл күчөп кетсе Жумалиев үчүн куран китеп да калканыч боло албайт. Таптаза чыгып кетишине деле шегим жок. Укук коргоочулардын жүзү көрүнөт. Ошон үчүн алар так таза далилдеп бериши керек

- Айрымдар “Чоң казат” бийликтин проектиси. Бийлик ушулар менен элди алаксытып жатат дегендер да бар. Ишенсек болобу?

- Текебаевдин анекдоту аргасыз эске түшөт. Бийлик Жапыкеевдердин колун карап калса анда иш чатак.

Булак: "Майдан.kg" газетасы