Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Муну менен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооругандардын жалпы саны 1748 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде 57 бейтап сакайды. Ал эми, өлкө боюнча коронавирус илдетинен 1170 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.