Жогорку Кеңеште өзүнүн мыйзам долбоорлору, демилгелери менен эмес, негизинен сөздөрдү айта албай кекечтенип, такалганы, анан депутаттарга опурулгандары менен белгилүү Тазабек Икрамов деген депутат бар. Мына ошол депутаттан орундуу сунуш чыкты. Ал шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, коррупция менен айыпталып соттолгондордун балдарынын парламенттик шайлоолорго катышууга тыюу салууну сунуштады. 

Ачыгын айталы, бул эл, бүгүнкү мезгил талап кылган сунуш. Бүгүнкү күндө коррупция менен соттолгондорду, алардын балдарын  мамлекеттик башкаруу иштерине жолотпоого мезгил жетти. Антпесе, 100дүн тегерегиндеги мамлекеттен уурдап, тоногон, коррупциялык жолдор менен байыгандар, алардын жакындары, балдары  Жогорку Кеңешке кайра кайра шайланышып, парламент кайсы бир депутат айткандай, “олигархтардын клубуна” айланып калды. Ал эми Кыргызстандагы олигархтардын дээрлик бардыгы коррупционерлер, мамлекеттен уурдагандар, элдин ырыскысын жегендер. Ошондуктан Тазабек Икрамовдун сунушун колдоого гана алынышы керек. Бирок коррупционерлерден, олигархтардан куралган Жогорку Кеңеште андай сунуш колдоо табабы? 


Булак: "Майдан.kg" газетасы