Мамлекеттин эң негизги вазийпасы - биринчи, жарандарынын эркиндиктери менен коопсуздуктарын камсыз кылуу болсо, экинчи, алардын менчиктериндегилерди кол тийгистик негизде коргоо болуп саналат. Бул тууралуу өлкөбүздүн Башмыйзамынын 29-беренесинде “Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар намысынын корголушуна укуктуу”, 30-беренесинде “Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башка обьектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак жайга жана башка обьектилерине кире албайт” деп жазылып турат. Ал эми “Чоң казатчылар” бирөөлөрдүн үй-жайларына, обьектилерине басып кирип барып, тартып алууга чакырышууда.
Жарандардын эркиндиктери жана менчигиндегилер соттун чечими менен гана чектелиши же ажыратылышы мүмкүн. Андан башка жол менен бирөөлөрдүн менчигиндегилерди тартып алуу - окумалдык ойкуштоолорду таштап түз айтканда басмачылыктын эле өзү болуп саналат. Тилекке каршы, грант жегичтердин демилгелери менен азыр “материалды - контент”, “шайлоочуларды - электорат”, “маалымат каражаттарын - медиа”, “ичкич-жегичтерди - мыйзамсыз байыгандар” деп тергей баштагандай эле, басмачылыкты да рейдерлик деп тергегенге өтүп алдык. Мындан чыкты “уурулукту - уруксатсыз алуу”, “каракчыны – капчыкты жеңилдетүүчү” дегендей ойкуштамаларга өтөт окшойбуз. Бирок, аттарын канча алмаштырып, жымсалдаган менен мазмуну мурдагыдай эле бойдон калып жатпайбы. Мурда туалет дегенди уборный, ажаткана дешсе, аты батышчага которулгандан бери мазмуну өзгөрүп кетти дейсизби. Албетте, жок. Анын сыңарындай, рейдерлик дегениң басмачылыктын эң ашынган жүзү кара формасы. Эгерде басмачылар убагында тергеп-пергебестен, маданияттуу көрүнгүлөрү келбестен эле каршылык кылгандарды камчылап же кылыч менен бир тартып колуна илингендерди жулуп алып кете беришсе, рейдерлер мыйзамдарды бурмалап, прокурор, соттордун колдору менен бирөөлөрдүн мүлктөрүн, байлыктарын тартып алышат. Мына ушул тутумдан алганда “Чоң казатчылар” мыйзамдуулукту Конституцияга кошо уруп койбостон элди ачыктан ачык басмачылык кыймылды кайра жандандырууга чакырышып жатышкандыгындагы бир ирет баса көрсөтө кеткибиз келет.
Тилекке каршы, айрымдар Сыймык Жапыкеев жетектеген “Чоң казатчылардын” чакырыктарын, аракеттерин коомдо алда качан бышып жеткен, элдин бардыгы жакшы билген көйгөйлөрдөн экендигин, алардын бир гана күнөөлөрү элдин көңүлүндө жүргөндөрдү коркпой этпей ачыкка чыгарышкандыгында экендигин айтышып, аларды кыйыр түрдө колдоп жатышса, экинчилери аларды анархисттерге салыштырып, абройлорун көтөргүлөрү келип жатышат. Сыягы, алар анархизмдин чыныгы мазмунун билишпейт окшойт. Анархисттердин башкы максаты - мамлекеттик бийлик органдарын таркатып, бардык укуктарды майда товар өндүрүүчүлөргө берүүдө, алардын менчигиндегилерди кол тийгистик укукта сактап, коргоодо болгон. Же алар мамлекеттен жекече жактарды, алардын укуктарын жогору койгулары келишкен. Ал эми “Чоң казатчылар” байлардын жеке менчигиндегилерди талагыла деп жатышса, кайдан алар анархисттерге жакындашат? Алардын андай аракеттери басмачылык деп эле аталат.
Сыймык Жапыкеев өзү мурдагы прокурор болсо, аны кыйыр колдогондордун арасында Конституциялык палатанын мурдагы мүчөлөрү, укуктук билимдери, маалыматтары барлардын, элди адилеттикке, чындыкка чакыргандан жадабаган белгилүү саясатчылардын жүргөндүгү - коомдо укуктук нигилизмдин, эмне болсо, ошол болсун дегендей кайдыгерликтин тереңдеп бараткандыгын гана айгинелейт. Эгерде өмүр бою укук коргоо жаатында иштегендер өздөрү укук тартибин бузууну негизги ураанга айландырышса, экинчи укукчулар аларды колдоп жатышса, деги башка эмнелерди айтууга болот?
“Чоң казатчылардын” лидери: “мен жыйырма жыл мамлекеттик кызматтарда эч нерсеге жетишпесем, айрымдар мамлекеттик кызматка келип келбей жатып эле, байып кетишти. Алар байлыктарын бизге, элге беришсин, болбосо тартып алабыз” деп док урунууда. Ооба, “прихватташтырууда, таламай-тономойлордо, андан кийинки бөлүштүрүүлөрдө мага эч нерсе тийбей калды” деп нааразы болуп, ичтерин уруп жүргөндөр аябай эле көп. С.Жапыкеев жыйырма жыл прокурор болуп иштеп эч нерсеге жетпей калса (ач, жылаңач калган прокурор, сот болбосун элдин баары билет) , кырк-элүү жыл кынтыксыз иштеп, куржалак калгандар жүз миңдеп саналат. Алардын баары байларга кекенип, алардыкын тартып алыш керек деп чыгышса, Кыргызстандын саясый, экономикалык абалы кандай болот?
“Сыныктан башканын баары жугуштуу” дегендей, анын үстүнө коронавирус да айлабызды кетирип жатканда, андай экстремисттик чакырыктар өз убагында ооздукталбаса, кесепеттери өтө эле чоң болуп, тереңдеп кетиши мүмкүн экендигин да эстен чыгарбайлы.
Булак: "Майдан.kg" газетасы