Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1722 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 25 бейтап айыкты.
Ал эми, өлкөдө жалпы 1113 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Эскерте кетсек Кыргызстанда коронавирустан 16 адам каза тапкан.
Жаңы катталган учурлар:
Бишкек шаарында 23 адам + 2 Россиядан келген курсанттар;
Чуй облусунда 1 адам + 2 Россиядан келгендерден;
Нарын облусунда 32 адам.