Ушул жылдын 14-майында А.Сулайманов, У.Ормонов, К.Иманалиев баштаган жыйырмадан ашык депутаттар  саясый партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү  боюнча мыйзам долбоорун демилгелешкен. Андан кийин, же 19-майда И.Масалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады эле, ал комитеттен өтпөй калды. Парламентте босоголук чекти 3 пайызга түшүрүүнү колдогон сунуштар да айтылууда. Ошол эле мезгилде И.Өмүркулов, Т.Зулпукаров сыяктуу депутаттар босоголук чекти 9 пайызда калтыруунун зарылдыгын айтып келатышат.

Бул маселе боюнча эл арасында да пикирлердин ар кандай экендигин жакшы билебиз. Кыргызстандын саясый азыркы этабында бизге босоголук чектин кандай деңгээлдегиси оптималдуу жана пайдалуу? Кайсыл пайызда калтырылгандыгы Кыргызстандын  саясый жана мамлекеттик кызыкчылыктарына ылайык келет?

Азыр Кыргызстанда 320га жакын партия болсо, алардын 380ге жакыны Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүштү. Бул сан өзгөрүп кетиши да мүмкүн, анткени шайлоо жакындаган сайын беш жылдан бери араң-соо уйкуда жаткан партиялар да ойгонушуп, козголушуп, өздөрүнүн жарыкчылыкта бар экендиктерин билдирүүгө далалаттанышууда. Кайра катталгандардын жана каттала тургандардын лидерлеринин  түздөн түз өздөрү парламенттик шайлоого катышпаса да фаворит партиялардын бири же 5-6тоосу менен биригип, блок түзүп шайлоого катышып, башкалары илинбесе да өзүнө депутаттык мандат алуу тууралуу үмүттөрү бар экендиги шексиз. Андай кыялый үмүт тилектери болбосо, аларга партия түзүп, каттатып дегендей чыгымдарга учуроонун кандай кажети бар? Албетте, бийликтин  партиясы делингендер аларды өздөрүнө жакындаткылары келбейт, бирок лидери капчыктуулардан, аздыр-көптүр таасирдүүлөрдөн болсо, саясый кеңешиндеги бир-экөөсүн кошуп алуулары да ыктымал. Мына ошолор жана фавориттердин катарларына кошула алышпаса да,  өздөрүн партиялардын парадында  ортодон жогорку  топтобуз деп эсептегендер жан далбаска түшүп, босоголук чекти төмөндөтүүгө аракет кылышууда. Бирок, босоголук чектин төмөндөтүшү, же парламентке 5-6 же андан көп партиянын келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү Кыргызстандын, парламентаризмдин система катары өнүгүп өсүүсүнүн кызыкчылыктарына ылайык келбей тургандыгын ачык эле айталы. Эмне үчүн?

Парламентаризмдин түпкү идеялары саясый жарамазанчыларды көбөйтүү эмес, элдин кеңири катмарын өздөрүнө бириктирген, түпкүлүктүү идея, идеологияларга негизделген  3-4 гана ири саясый партияны түзүп, алардын ортосунда реалдуу атаандаштыкты камсыз кылуу болуп саналат. Коомго 3-4 ири саясый партия болсо жетишет, андан көбүнүн зыяндан башка тыйынча да пайдалары болбойт. Мүмкүн, алардан сырткары жашылдардын, улутчулдардын, теңирчилдердин, космополиттердин, гейлердин дегендей саясый күч катары эмес, саясый жана социалдык шоуларды уюштуруп, элге эрмек болгудай экзотикалык мазмундагы дагы 4-5 партия да керектир, АКШ, ФРГ, Франция сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө андай бирикмелер да бар. Бирок, шумкарлар, бүркүттөр, баатырлар, балбандар, калпактуулар, жарактуулар деген сыяктуу маанилердеги конкреттүү идеологиялары жок  саясый бирикмелердин эч кимге керектери жок, андай идеологиясыз, эптеп лидери кызматка жетүү дымагы үчүн эле түзгөн  топтордун келечектери   жок.

Парламентаризм деп - бир партия шайлоодо парламентте көпчүлүк орунду жеңип  алып, же азыраак  мандаттар жетпей калса, дагы бир фракция менен коалиция  түзүүгө жетишип, өз лидерин өкмөт башына алып келип, анан программасындагыларды ишенимдүү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонду айтат. Анда депутаттар, парламент негизги ролду ойнобойт, 120 же айрым чоң мамлекеттердин парламенттериндей 500-600 адам эч качан  мамлекетти оперативдүү, натыйжалуу башкара албайт. Парламент мамлекетти башкарат деген  саясат жана малекеттик курулуш тууралуу түшүнүктөрү жетишсиз баёолордун, аңкоолордун утопиясы. Чыныгы парламентаризмде өкмөт башчысы негизги фигурага айланат, ал босоголук чектин төмөндүгүнүн аркасы менен парламентке илешип алган “шпана” фракциялардын барымтасында калбай, өзүн ишенимдүү сезип, болжогондорун ырааттуу жүзөгө ашыруусу  үчүн анын партиясы парламентте негизги күч болуусу керек. Алсак, АКШ, Англия, ФРГ, Италия,  Индия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгында ошондой. Алсак, Англияны 200 жылдан ашык убакыттан бери либералдар, консерваторлор, лейбористтер эле алмак-салмак башкарып келатышат. АКШны болсо  230 жылдан бери эки партия эле башкарууда. Парламентте фракциялар канчалык көп болсо, ал демократияга, плюрализмге ошончолук жол ачат деген баёолордун же ал жерге кыпчылгысы келгендердин эле кутумдук демагогиялары. Фракциялар канчалык көп болсо,  парламент гана эмес, өкмөт да ошончолук туруксуз боло тургандыгын, анда Жогорку Кеңеш бийликтин ишенимдүү бир бутагына эмес,  саясый  бейбаштардын жарамазандарынын сахнасына айланып кете тургандыгын, анда өкмөт  барымтада калгандан бетер өтө алсыз болуп, иммунитети 2-3 “шпанага” көз каранды болуп, аларды карап жалтактап, өз алдынча чечкиндүү  иштей албай кала тургандыгын, ал экономикага жана социалдык чөйрөлөргө гана эмес, өлкөдөгү саясый туруктуулукка да аябагандай терс таасирин тийгизе тургандыгын көрүп келатабыз. Жеке байкоомдо, эгерде парламентте көпчүлүктү түзгөн өз партиясы болбосо, өкмөт орустар айткандай, “мальчик для битьяга” эле айланып калат экен. Ал эми өлкөнүн экономикасына, социалдык чөйрөсүнө керт башы менен жооп бере турган кызмат адамынын иммунитети да чоң, зарыл учурларда бир убактагы У.Черчиллдей парламентти да бурчка такап, кынына киргизип жибергидей    өзүнчө чоң саясый фигура болушу зарыл. Демократия деген депутаттар чогулуп алып, бирөөнү эле  сөз бараңга ала берүүсү эмес, эгерде ал сөз бараң негизсиз, компетентсиз  болсо, өкмөт башчы да адекваттуу жооп кайтаргыдай болгонду гана демократия дейт. Бир тараптуу демагогиянын демократияга тиешеси жок.

Эгерде босоголук чек 9 пайыз бойдон калтырылса, эртели кеч  ошондой чыныгы парламентаризмге жетише алабыз. Ал эми босоголук чекти төмөндөтүп, парламентте  чечүүчү  учурларда өкмөткө бут тосуп, шантаж кылгандан башкага жарабаган “шпана”  фракцияларды көбөйтүүнүн жолу менен кетсек, саясый системабыз өнүкпөйт, парламентаризм биротоло фарска айланып кеткени турат. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы