Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июндан тарта экономиканын кайсы тармактарына иштөөгө уруксат берилгендиги тууралуу маалымат берди.

Бирок, ошол эле учурда Кыргызстанда той жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бериле электигин белгиленди.

Бороновдун айтымында ошондой эле түнкү клубдар, караоке, интернет-клубдар, кинотеатр, соода түйүндөрүндөгү тамак-аш жайлары, балдардын оюн аянтчалары жабык бойдон калат.

Билим берүү мекемелеринин, тил үйрөтүүчү жана башка окуу борборлорунун иши да азырынча чектөөдө кала берет. Кубатбек Боронов окуп-үйрөнүү иштерин онлайн форматта жүргүзүп турууну сунуш кылды.

Азырынча кичи автобустар менен шаар аралык каттам жүргүзүүгө да уруксат берилбейт. Боронов бул бир нече сааттап жол жүрүүдөн коронавирус илдети тарап кетүү коркунучунун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи.

Биринчи вице-премьердин айтымында 1-июндан тартып өлкөдөгү ишканалардын 95% ишке кирет.

Булак: Элгезит