Дүйнөнү каптаган атың өчкүр коронавирус илдетинин жайылуу темпи азайганы менен бирок дале абал курч бойдон калууда.
Учурга карата атың өчкүр илдетин жуктургандардын саны 5,5 млн. адамга жетти. Бир сутканын ичинде дүйнөдө илдетти жуктургандардын саны 87 миң 360 адамга көбөйдү. Ооруп жаткандардын эң көбү АКШда (1 млн. 662 миң 302 адам), андан кийин Бразилияда (374 миң 898), үчүнчү орунда Россия (353 миң 427), Улуу Британия (262 миң 547), Испания (235 миң 400), Италия (230 миң 158), Франция (183 миң 67).
Ошол эле мезгилде илдетти жуктуруп алгандардын арасында сакайып чыгып аткандар да аз эмес. Коронавирус башталгандан бери айыккандардын саны 2,2 млн. адамдан ашса, бир сутканын ичинде 63 миң 174 адам илдеттен арылышты.
Булак: "Майдан.kg" газетасы