Бизде тилекке каршы, ушул күнгө чейин партиялуулук, партиялык система калыптана электигин баарыбыз билсек дагы, бирок бийликтегилер, ЖК депутаттары партиялык система калыптануу жолунда экенин айтканды жакшы көрүшөт. Россиялык саясат таануучу Александр Кынев Кыргызстанда партиялык система жок экенин айтты. 

Ал: “Кыргызстандагы партиялардын баары бир лидердин айланасында түзүлгөн.  Бардык системанын циклдүүлүгү, туруктуулугу болушу керек. Тагыраагы, партия 10-15 жыл парламентке шайланып өтүп, электораттын реалдуу колдоосуна ээ болушу зарыл. Бул өңүттөн алганда, Кыргызстанда партиялык система жок. Өлкөдө эки ирет бийликтин күчтөп алмашуусу болду. Конституцияга дайыма өзгөртүүлөр киргизилип турат, кландык коом өкүм сүрөт. Бул нерселер партиялык системаны өнүктүрбөйт. Жогорку бийликте кландуулук, тууган-туушкандык болсо, партиялар ушул салттардын негизинде түзүлө берет”,- деп түшүндүрдү. 
Орус серепчисинин айтканына кошулбай коюуга болбойт. Партиялык система бизде сөз жүзүндө эле болбосо, реалдуу турмушта абал такыр башка экени кашкайган чындык. “Алга, Кыргызстан”, “Ак Жол”, КСДП, алдыда “Биримдик”. Андан кийинчи?


Булак: "Майдан.kg" газетасы