Мурдагы жылдын аягында, өткөн жылдын башталышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясы экиге бөлүнүп, партиянын ошол убактагы лидери АШАнын мыйзамдык иштерине нааразы болгондор аны легитимсиз деп таап, партиянын кезексиз курултайын өткөрүп, жаңы жетекчи курамды шайлашкан. АШАнын айланасында бир автобус толбой турган адамдар гана калган.
Бирок, алар да өздөрүн КСДПчылар деп эсептешкендиктен, ал талашка сот убагында чечкиндүү чекит койбогондуктан ЖМКнын өкүлдөрү өздөрү да, окурмандарды да чаташтырбоо үчүн АША жетектегендерди № 1, С.Абдырахманов жетектегендерди № 2 КСДПчылар деп атай башташкан. Буга чейин 2 КСДП тең шайлоого катыша тургандыгын билдирип жаткан. Астапурулла, эки КСДП аздык кылгансып, АШАнын Сейит, Кадыр деген балдары эч кимге билдирбей №3 – “Кыргызстандын социал-демократтары” дегенди түзүшүп, же Кыргызстан социал-демократтар партиясы деген аталыштын бир нече тамгасын өзгөртүшүп, аны № 1 КСДПнын мураскору деп жарыялашып, анын атрибут, символикаларын ачыктан ачык колдоно башташкан экен, ага №1 КСДПнын “Кедейканшасы” Асель Кодуранова, “Кыз Сайкалы” Кундуз Жолдубаева, “эшик агасы” Адил Турдукулов нааразылыктарын билдирип чыгышты. Мында Адил Турдукуловдун “бул көрүнүш Алмазбек Атамбаевдин балдарынын саясый көрөңгөсү жок экенинин далилдейт. Алар ушундай оор кырдаалда КСДП мүчөлөрүн бир муштумга бириктирүүгө басым жасап, идеялаш саясатчыларды бир партияга чакырыш керек эле. Бирок, Атамбаевдин балдары өздөрүнчө кайрылуу жасап, ар кандай иш чараларды өткөрүп жатат” деп кейигенинде негиз бар. Аларга каршы “Кой-Таш республикасынын” активдүү катышуучуларынын бири, бир буту парламентте турса, экинчи буту мажбурлап эс алдыруучу жайлардын бирине жакындап калган Ирина Карамушкина КСДПнын убактылуу лидери Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевди ачык колдобой А.Турдукулов тарапка ооп, Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын, ошондуктан жаңы КСДнын түзүшкөндүгүн, мындан ары жаңы партиянын бардык иш чаралары жогорудагы үчөөсү катыштырылбай өтө тургандыгын айтып чыкты. Андай “дискриминацияга” жогорудагы үчөөсүнүн нааразы болбой тургандыгы, тескерисинче одиоздуу инсандардан ажырымдашкандыгына кубаныша тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү.
Ирина Карамушкинаны башкы идеолог кылып алышып, жогоруда айтылгандай иштерди жасашкан АШАнын балдарынын бул жоруктарын саясый рейдерлик катары гана баалоого болот. Бир партияны түзө коюп, аны эч кандай легитимдүү иш чараларсыз экинчи партиянын мураскору деп жарыялап, анын атрибутика, символикаларын пайдаланганы чыныгы рейдерликтин өзү болсо, анын атынан билдирүүлөрдү жасап, сүйлөй баштоо – бетсиздиктин, уятсыздыктын жеткен чеги. Эмне дебейли, КСДП алардын атасынан түздөн түз мураска калган “Форум”, “Апрель” же Кой-Таштагы 2 гектар жерди ээлеген хан сарай эмес, коллегиалдуу саясый уюм. КСДПнын № 1-си болобу же №2-би анын тагдырын, кандай формаларда трансформациялануусун легитимдүү курултай гана чечиши керек. Эгерде АШАнын балдары андай жол менен эки КСДПнын бирине мураскорлукка жетишсе, эч ким эч нерсе демек эмес. Бирок, андай мыйзамдуулукту эске албастан атасы убагында жазуучуларга бөлүнгөн 60 миллион рублди, Арашандагы эс алуу жайын, “Нооруз” кафесин, Ө.Текебаевдин “Сентябрь” телеканалынын мүлктөрүн тартып алып, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо, жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин электр чубалгылары линиясын, Чолпон-Атадагы ат майданды курууда, Тарых музейин оңдоп, ремонттоодо ири коррупциялык долбоорлорду ишке ашыргандай эле балдарынын да экиге бөлүнгөн партиянын бир жагын тартып алышканы - алардын ыймансыздыктары, бетпактыктары жагынан атасынан да ашып кеткендиктерин айгинелейт.
Чындыгында экиге бөлүнгөн КСДПнын аты эле калбаса, затында, аброй таасиринде эч нерсеси деле калган жок. Коррупционерлердин, лидерлери мыйзамдуулукка каршы иш кылган бандиттердин, укуктук нигилисттердин партиясы катары көө шыбалды, эл арасында терс имиджи бекемделди. Азыр элдин басымдуу көпчүлүгү КСДП дегенди угушканда жипкиринишерин көрүп жатабыз. Ага жабышкан кара көөнү “айна” менен эки жыл тынбай жууса да кетпейт.
Азыр эки КСДП тең, ага өзүн биринин мураскорумун деген үчүнчү КСД дегени кошулуп, парламенттик шайлоолорго катыша тургандыктарын билдиришүүдө. Ачыгын айталы, С.Абдрахманов жетектеген №2 КСДП башка таасирдүү партия менен саясый блок түзүп, шайлоого катышса, босоголук чектен өткөнгө аздыр-көптүр шансы болот. Антпесе берки КСДП, КСДдай эле адамдын боору ооругудай аянычтуу аутсайдерлердин катарына кошулат. А.Кодуранова жетектеген №1 КСДПдагылардын саясый кеңешинин бир катар мүчөлөрү алдыдагы соттук кароолордо шарттуу мөөнөттөрдү алышса да алар үчүн чоң жеңиш болгону турат. Аларга коюлган айыптоолорду, обьективдүү жагдайларды эске алганда айрымдары 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу реалдуу эле мөөнөттөрдү алышары да толук мүмкүн. Же № 1 КСДПнын тагдырына биротоло чекит койсо да болот. Бизде бир эмес, он партия жоюлуп кетсе деле эл түгүл, аларга мүчө боло коюп, чоң кызматтарга жетишкендер деле кабагым кашым дебестен башка иши жүрүшө баштаган партияга өтүп кетишет.
Мындай көрүнүш жөнүндө коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: “Кыргызстанда мигрант саясатчылар көп болуп жатат. Алар Акаевдин заманында “Алга, Кыргызстан!” партиясына кошулуп, бийлик алмашканда Курманбек Бакиевдин “Ак Жолу” менен шайлоого катышты. Алмазбек Атамбаев президент болгондо КСДПнын катарына өтө качышты. Азыркы бийлик күзүндө боло турган шайлоого эки партия даярдап жатканы айтылып жатат. Мигрант саясатчылар алардын да тилин табат. Ал партиялар да шалдырай түшкөндө кийинкиге өтүп кетет. Биздеги саясый миграциянын мыйзамы ушундай болуп калды”- деп эң туура айтты.
Мына ушундай жагдайларда, шарттарда АШАнын балдарынын КСДПчылардан мураскорлукту талашканы – бир жагынан, алардын саясый жактан өтө эле баёоо, таптакыр тажрыйбасыз экендиктерин гана ырастаса, экинчи жагынан, эски тытылган талпакты талашкандардай эле кейиштүү күлкүнү жаратууда. Эмне сепсең, ошону аласың деген ушул. АША саясый ойку-кайкылыкты күчөттү эле, балдары да анын курмандыгына айланышат окшоп калды.
Булак: "Майдан.kg" газетасы