Орду толгус оор жоготуу

Коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев менен түбөлүк коштошуу, бул жаратылыштын мыйзамы болсо дагы элге, эгемен мамлекетибиздин пайдубалынын түптөлүшүнө өз салымын кошкон ушундай инсандардын дүйнөдөн өтүп кетиши баарыбыз үчүн орду толгус оор жоготуу. 

Чолпонбаев Мукар Шалтакович Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышынын жана “Легендарлуу парламенттин”, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты болгон. 
Ал Кыргыз мамлекеттик университетин, Ташкент башкаруу жана политология институтун аяктаган соң, эмгек жолун Май районунун прокуратурасында жөнөкөй тергөөчү болуп эмгектенүүдөн баштаган. Ошондой эле  Кыргыз транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун алдында өзгөчө иштер боюнча тергөөчү болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында бөлүм башчысы кызматтын аркалаган. Кыргыз Республикасынын юстиция министри болгон. 
Мукар Чолпонбаев кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган инсан болчу. Атуулдук ариети бийик, билимдүү интеллигент адам эле. Ал бүткүл өмүрүн кыргыз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга арнады. Чыныгы жаратмандыктын, таза жашоонун, бийик адамгерчиликтин, мекенчилдиктин өрнөгүн көрсөттү. Кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасады. 
Ал жогорку окуу жайлар үчүн "Гражданское право", "Право интеллектуальной собственности", "Законодательство о дисциплине труда" окуу китептерин жазды. Ошондой эле 16 илимий макаланын автору болчу.
Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, келечек муунга сабак болот.
Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Курманбек Осмонов, Бекболот Талгарбеков, Турсунбай Бакир уулу, Бөдөш Мамырова,
Жылдызкан Жолдошева, Улугбек Ормонов, Надира Нарматова, Элмурза Сатыбалдиев,
Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Урмат Бактабасов, Марат Султанов, Рысбек Мирзаматов, Марат Кайыпов, Иман Кочкорбаев, Жаныбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, Равшан Сабиров, Медербек Сатыев, Нургазы Анаркулов

Биз бүгүн жөн эле инсандан эмес, кесипкөй адистен, ишенимдүү достон, зирек саясатчыдан айрылып отурабыз!

Өлкөнүн коомчулугу орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев 70 жашында дүйнө салды. Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалар кеңешинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешенин мурдагы төрагасы Чолпонбаев Мукар Шалтакович 1950-жылы 29-мартында Ысык-Көл дубанына караштуу Ысык-Көл аймагынын Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал Кыргыз мамлекеттик университетин, Ташкент башкаруу жана политология институтун аяктаган соң, 1976-жылдан 1984-жылга чейин Фрунзе шаарындагы 1-Май районунун прокуратурасында тергөөчү, Кыргыз транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун алдында өзгөчө иштер боюнча тергөөчү болуп эмгектенген. 1984-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы болгон. 1991-93-жылдар аралыгында Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында бөлүм башчысы кызматтын аркалаган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын юстиция министри болгон.
Турмуштук бай тажрыйбасы менен аянбай бөлүшүп, жаштарга акыл-насаатын айтып, И.Арабаев атындагы КМУда кафедра башчысы болуп эмгектенүү менен бирге жаштарга дарс окуган.
Чолпонбаев Мукар Шалтакович Кыргыз ССР ЖогоркуСоветинин 12-чакырылышынын жана кыргыз тарыхында “Легендарлуу парламент” деген ат менен калган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты болгон. Өзүнүн толеранттуу жүрүш-турушу, кызыкчылыктардын компромиссине баруу аркылуу адамдарды бириктирип, ынтымакка чакыргандыгы менен кесиптештеринин арасында бийик кадыр – баркка ээ болгон.
Ал 2005-жылы “Мекеним-Кыргызстан” кыймылынын уюштуруучуларынын жана жетекчилеринин бири эле.
Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев жогорку окуужайлар үчүн “Гражданское право”, “Право интеллектуальной собственности”, “Законодательство о дисциплине труда” окуу китептерин жазган. Ошондой эле 16 илимий макаланын автору.
Мукар Шалтаковичтин өмүрү жана эмгек жолу - принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер катары анын ысымы элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып калат. Анткени, ал өмүрүн өлкөнүн жана өз элинин кызыкчылыгына кызмат өтөөгө арнап, көп жылдык талыкпас жана жаратман эмгек жасады.
Мукар Чолпонбаев ишенимдүү кесиптеш, даанышман жетекчи, боорукер жана жоопкерчиликтүү инсан болгон. Турмуштук тажрыйбасынын молдугу, акылмандыгы, кесипкөйлүгү менен айырмаланып турчу. Биз бүгүн жөн эле инсандан эмес, кесипкөй адистен, ишенимдүү достон, зирек саясатчыдан айрылып отурабыз.
Маркумдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалар кеңеши:
Ш.Шеримкулов, А.М.Матубраимов, А.Э.Эркебаев, А.А.Бѳрүбаев, И.Д.Кадырбеков, М.О.Мукашев, М.А.Султанов, А.С.Тагаев, З.К.Курманов, И.А.Масалиев, А.К.Келдибеков, А.Ш.Жээнбеков, Ч.А.Турсунбеков, Д.А.Жумабеков

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: “Асман ыйлап, жер ыйлап, мүлдө кыргыз ыйлап...”

- Быйылкы жыл Кыргыз эли үчүн оор жыл болду. Не деген эл дегенде эт-бетинен кеткен эки эрен, эки чечен, аккан достор Элмирбек менен Зайырбек, кыргыз тили үчүн кылымдык кызмат өтөгөн көйкашка агабыз, коомдук жана мамлекеттик иштер Ташбоо Жумагулов, илимдин Ааламында кара дыйкан болуп эмгеги элге сиңген, өзүнүн мектебин түзүп, артында шакирттерин таптап, тармакка өз чыйырын салган Карпек Курмановдой аталарыбызды шум ажал алып кетти. Асман ыйлап, жер ыйлап, мүлдө кыргыз ыйлап, кайгыдан баш көтөрүлө электе, минтип... Мамлекеттик жана коомдук ишмер, ЖКтин 1-чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаев агабыз 70 жаш курагында аты жаман ооруудан көз жумуп, баарыбызды кайгыга салды. Мукар Шалтакович кыргыз элине аттын кашкасындай кеңири белгилүү ишмер, белдүү юрист эле. Агайдын үй-бүлөсүнө, жакындарына , тууган- туушкандарына терең кайгыруу менен чын ыкластан көңүл айтам.
Мукар агай бир катар жооптуу кызматтарда такшалган, турмуштук тажрыйбасы терең, адамгерчилиги бийик, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй, ошонун ичинде мен да агай менен ага-карындаштай мамиледе кызматташып жүрдүк.
Бир канча маанилүү маселелер боюнча жыйындар, тегерек столдордорду чогуу уюштуруп, кызуу талкууларга катыштык.
Агайдын өзгөчөлүгү - ар кандай маселеде өз позициясына бекем тура алганы, оюн курч жана таамай, көп сөз менен эмес, төп сөз менен түшүндүрө алган, калыстыгы, мыйзамдын тили менен гана сүйлөгөн адискөйлүгү менен айырмаланып турчу.
Башмыйзамга реформаны референдум аркылуу жасайлы деген өзүнүн иштеп чыккан долбоорун бир канча жолу элдик талкууга коюп, пикирлеши Бөкөнбай аке экөө катуу иштешти эле... аттиң, ал ишинин аягына чыга элек болчу...
Дагы бир актуалдуу маселенин үстүндө өзүнчө проект кылып иштеп баштаган, ал жаштардын башын кошуп, аларга юридикалык жактан билим берүү жана лидерлик сапаттарын ойготууга шарт түзүп, жаштардан мыктыларды элге таанытсак деген тилеги зор эле..
Аттиң, минтип, шум ажал агабызды арабыздан алып кете берди, элине жасаган эбегейсиз эмгеги эч качан эстен чыкпайт!

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Мукар авам өтө тажрыйбалуу, билимдүү инсан эле”

- Мукар авам өтө тажрыйбалуу, билимдүү инсан экенин Кыргызстанда  жалпы коомчулук  жакшы билет эле. Бирок, ички дүйнөсү өтө таза,  ак ниет, алдыга койгон максатына талыкпай эмгектенген күчтүү сапаттарын  бирге иштеген адамдар, жакын бир туугандары  гана терең  билишчи.  Ар дайым коомдук иштерге бейкапар болбой  активдүү катышып, жалпы элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн,  адилеттүүлүк  эрежесин мамлекет деңгээлинде  кабыл  алууга, ден соолугун да аябай эмгегин  көрсөтүп келген. Кыргызстан мамлекетинин келечеги үчүн көрсөткөн эмгек салымдарын баалап , аткаруу өкмөттүн өкүлү, парламенттин жетекчиси , президент Сооронбай Шариповичтин аппарат жетекчиси  жылуу сөздөрү менен эскерип , кечээ күнү бул дүйнөдөн узаттык. Агабыздын  эмгегине, адамдык кадыр-баркына баа берип,  сый урмат көрсөткөнүңөргө терең ыраазычылык билдиребиз!Жакын бир туугандарына, үй-бүлөсүнө  кайрат кылуусун өтүнүп көңүл  айтам!

Булак: "Майдан.kg" газетасы