Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1662 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 22 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен жалпы айыккандардын саны 1088 адамга жетти . Ал эми, өлкөдө коронавирус инфекциясынан 16 адам каза тапкан.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 9 адам + Россиядан келген 26 аскер кызматкери;
- Ош шаарында 2 адам;
- Нарын облусунда 4 адам;
- Чүй облусунда 5 адам;
- Баткен облусунда 1 адам;
- Россиядан келген 21 адам (алардын ичинде 11 кош бойлуу аял, 10 студент бар).