Табият - жаратылышынан биринен-бири укмуштуудай керемет сулуулугу менен айырмаланып турары белгилүү. Бири миндеген гектар аймактарды каптап жаткан кумдуу чөлү менен суктандырса, экинчиси, мөмөсү жерге төгүлгөн миндеген гектар жерлерди ээлеп жаткан токойлуу талаалары менен адам баласын таңдандырып келет.
Биз, табият тартуулаган дагы бир керемет жер Аркыт токой чарбасы тууралуу кененирээк маалымат алуу учун токой чарбанын директору Топчубеков Жусупбек менен чарбанын аткарып жаткан иштери жана алдыга коюлган максаттары тууралуу маек курдук.
- Сиз 1986-жылдан Аркыт токой чарбасында алгачкы эмгек жолунузду катардагы жумушчу болуп иштөөдон баштап, токой чарба кызматынын бардык баскычтарын(директорго чейинки) басып отупсуз.Азыр мына, 2013-жылдан баштап директорлук кызматты аркалап келе жатыпсыз. Учурда иштеп жаткан токой чарба жөнүндө маалымат берип кетсениз?
- Биздин Аркыт токой чарбасы 1947-жылы уюшулуптур. Жалпы аянты:42031,0 гектар. Токой чарбанын аймагында үч токой бөлүмү бар. Алар; айтылуу Сары-Челек биосфералык коругунун кире беришинде Жылгын токой бөлүмү. Ошондой эле Сары-Челектин оң жак бөлүгүндө (чыгыш тарабында) Кара-Суу жана Түрдүк токой бөлүмдөрү жайгашкан. Токой чарбанын жалпы аянтынын 29395,6 гектар жерин токой каптаган жерлер ээлеп жатат. Чарбанын аймагында өсүмдүктөрдүн 1000дей түрлөрү бар. Биздин токойлуу жерлердин негизги копчулук бөлүгүн, мындайча айтканда, 3102 га жерин жаңгактуу токойлору ээлейт. Жаңгак токойлору деңиз денгээлинен 1000-1200м бийиктиктен, 1800-2000м бийиктикке чейин кеңири таралган . Айрым жерлерде 2300 метр бийиктикте өскөн жаңгактар да кездешет. Айрым жаңгактуу тилкелер кокту-кокту болуп, айыл аралап кирип келген жерлерин да көрүүгө болот. Жаңгактуу токойлордун арасында алма, алча, карагай, арчалар жыш жайгашып, чет жакаларында, айрым күнгөй беттеринде долоно (кызыл долоно) айван сары( долоно), өрүк жана башка өсүмдүктөр өсөт.
- Кыргызстан өзүнчө эгемендүү мамлекет болгон жылдардан кийин элдин турмушу бир аз оорлоп, кыйналып жашаган мезгилдерде токой чарбага канчалык таасирин тийгизди?
- Ооба, союз мезгилинде эле айрыкча жаңгак токойлоруна бир топ түшүнбөстүк менен мамиле жасалган. Токойдон пайдаланууну алдыга коюп, жылына мөмө бере турган мезгилиндеги айрыкча түз жаңгактардан 1000м3ден «ореховой кряж» кылып кестирип жөнөтүп турган. Отунга да жаңгактарды кесүүгө уруксат берилген. Бул боюнча жазуучу Ш. Абдраманов кайра-кайра газеталарга жазып жүрүп, жаңгак токойлорун коргоого шарт түзгөн.
Экинчиден, биз кечээ эле эгемендүү болгондон кийин да жаңгак токойлоруна бир топ эле зыянын тийгиздик десем туура эле болот. Билесиз да, «Кап» деген бир балээ чыга калып, токойчулардын алы жетпей кетип жатканда, жергиликтүү эл да кун- түндөп кошо «дежурство» уюштуруп аракеттенгенибиз менен дагы бир топ зыянга учуратып алдык. Ал тургай «Жок» деген жоболоңдуу сөздү бетине кармагандар көбөйүп, жапайы жаныбарлардын суюлуп кетишин да моюнга албай коюу туура эмес болот.
-Азыркы учурда токой чарба кандай иштерди жүргүзүп жатат?
-Азыркы учурда токой чарбасы токойду коргоо жана сактоо, көбөйтүү жумуштары боюнча иш алып барууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №293 токтомунун негизинде жаңгак токоюн көбөйтүү боюнча 25 гектар жерге жабык тамырлуу көчөттөрдү өстүрүүдөбүз. Көчөт өстүрүүдө питомниктер уюштурулуп, айрыкча жаңгак, карагай, кайың, туя, алма, өрүк көчөттөрү жабык тамырлуу ыкма менен өстүрүлүп жатат.
- Мурунку көчөттөрдү өстүрүүдөн жабык тамырлуу өстүрүүнүн кандай айырмасы бар?
-Жабык тамырлуу көчөттөрдү тигүүдө эң жакшы натыйжаларды берүүдө. Биринчиден, тамырына эч кандай зыян келбейт, экинчиден, өсүүсү өтө жакшы. Себеби, өзүнүн топурагы менен тигилет
-Учурда жаңгак токойлорунун абалы кандай?
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мораторий жарыялагандан кийин, элдин токойго болгон көз карашы өзгөрдү. Токойду бейчеки кескен адам жок десем да жанылышпайм. Экинчиден, КРнын Өкмөтүнүн №192- токтому менен арендага берилгендиктен, учурда ,айрыкча жаңгак токойлорунун корголуусу абдан жакшы.
- Токой чарбанын негизги бөлүгүн жаңгак токойлору ээлейт экен. Жаңгак токойлорунда 300-500 жылдык жаңгактар да көп эле кездешсе керек. Негизинен, токой карып бара жаткан жокпу? Алардын ордун басуу үчүн жаңгак көчөттөрү канчалык деңгээлде тигилип, каралып жатат?
- Биз жылына 25 гектар жерге жаңгак көчөттөрүн отургузуп жатабыз. Бирок, малдын көбөйүшү көчөттөрдүн жакшы өсүп кетүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Биздин максатыбыз ошол тигилген көчөттөрдү өстүрүү менен жаңы токойлуу жаңгак аянттарын пайда кылуу.
-2019-жылы Турцияга токойлорду коргоо жана өстүрүү боюнча тажрыйба алмашууга барып келдиниз. Кандай айырмачылыктары бар? Түркия өкмөтүнүн токой коргоочуларга мамилеси кандай?
- Түркияда токойго болгон көз караш абдан жакшы экендигине күбө болдук. Токойду өрттөн сактоо боюнча токой чарбада 3 вертолет, 5 өрт өчүрүүчү машина, ар бир корукчуга бирден ЖИП автомашинасы каралыптыр. Көчөттөрдү тигүүдө толугу менен жабык тамырлуу көчөттөрдү тигишет. Токой кызматкерлери машина, курал менен камсыз болгон. Алардын жазган протоколдору орган тарабынан колдоо табат. Эл жүрө турган токойлордун жээктери толук тикен зым менен тартылган. Ар бир жаран көчөт тигүүгө милдеттүү. Питомниктери борборлоштурулган болгондуктан токой чарбаларга, мекеме уюмдарга ошол жерден беришет. Бардыгы компакттуу. Алар бизди жылуу маанайда кабыл алуу менен көпчүлүк жасап жаткан иштерин көрсөтүүгө аракеттеништи. Азыркы учурда көчөттөрдү өстүрүү жана тигүү боюнча да пикир алышуулар болду. Өстүрүп жаткан көчөттөрүн бир сыйра кыдырып көрүүгө да жетиштик. Биздин өкмөт дагы колунан келишинче токойго көңүл буруп жатат. Өлкөбүз өнүксө, бизде дагы, токойчуларга ошондой эле камкордук көрүлө баштайт деген үмүттө турабыз.
- Токой чарбада кадр масалеси кандай чечилген? Дайыма ишти алдыга жылдырууда кадр масалеси чон ролду ойнойт да?
- Кадр масалеси жылдан - жылга масале жаратууда. Биринчиден, биздин токой корукчуларынын айлык акысы өтө эле төмөн. Ошондуктан токой чарбага окугандар өтө эле аз. Окууну бүткөн менен иши оор, айлыгы аз болгондуктан иштебей кетип калышат. Айрым учурда кесиби боюнча токойчу болбосо да токой корукчулугуна ишке алабыз. Ишке туруктуу кармап калуу учун айрым жеңилдиктерди, кошуча каражаттарды издеп, дем беру үчүн аракеттенип жатабыз. Сталиндин айткан сөзү бар го: «Бардыгын кадр чечет» - деген. Чындыгында кадр масалеси боюнча аксаган жактарыбыз бар.
- Жергиликтүү жашоочуларга кандай жардамдар берилет? Кандай жеңилдиктер каралган?
- Жергиликтүү элге жогоруда айтып кеткендей, жаңгак токойлору арендага бөлүнүп берилген. Алар бөлүнгөн жерлерин кароо менен кагайган өсүмдүктөрдөн арендасынын ичинен отунга керектүүлөрүн пайдалана алышат. Ошол арендага бөлүнгөн жерлердин аренда акысын төгүшөт да, калганын өздөрү пайдаланышат. Элди жумуш менен камсыз кылуу үчүн да бир топ масалелер каралган. 1. Токойдогу жемиштерди иштетүү 2. Куураган, жыгылган жаңгактарды иштетуу менен паркеттерди жасоо . 3.Жерибиз кооз, көргөндүн көз кумарын кандырган көлдөрүбүз болгондуктан, туризмди өнүктүрүү, 4. Жер шартыбызга жараша бал аарыларды көбөйтүү боюнча да эл менен сүйлөшүлүп, айрым иштери аткарылууда.
- Алдыдагы максаттарыңыз жөнүндө да айта кетсениз?
- Биздин негизги максаттарыбыз - табият берген жердин сулуулугун сактап калуу. Токой аянттарына ар кандай өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн тигип өстүрүү, токой аянттарын кеңейтүү. Жапайы жаныбарларын, канаттууларын коргоо менен кийинки муундарга кемитпей, коротпой өткөрүп берүү болуп эсептелет.
Бизге берген маегиңиз учун рахмат. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!
Булак: "Майдан.kg" газетасы