Бир айдан бери бийликке улам кайрылышып, “бизди алып кеткиле” деп жаткан Москвадагы мигранттардын тилеги орундалып, атайын каттам жасалды.

 Буга чейин да чартердик каттам уюштурулуп, бирок анда нааразычылык күч алган. Кош бойлуу айымдарга жол бербей жаш эркектер орунду ээлеп алышканы коомчулукту таңыркатпай койгон эмес. Ошондогу “кош бойлуу” эркектерден жол тийбей калып кеткен өңчөй кош бойлуу келиндер 26-майда учуп келишти. Элчи Акылбек Жекшенкулов баарына ак тилегин айтып, ак жол каалап жакшынакай кылып узатып койду. Алар өз кезегинде мекенине кайтып келүүгө шарт түзгөн президентке, элчиге жана башка тийиштүү кызматтарга ырахмат айтышты. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы