Эмне эмгеги үчүн десеңиз, кытай, корей, немецтин жападан жалгыз жубайы болуудан кыргыздын үчүнчү аялы болууну артык көргөнү үчүн. 

“Күйөөмдүн үчүнчү аялы болом дейт. Ордумдан туруп ыраазычылыгымды билдирейин. Ит жеген кытайларга тийген кыргыз кыздары бар. Немецке, корейге кеткендер бар”, - деген ажы коомчулукту бир убакта эки жаат кылып чабыштырган, ушул азыр да таасири кете элек маселени акырын козгоп койгонсуду. Адамзаттын түшүнүгү алдыга умтулган 21-кылымда биздин аң-сезимибиз артты көздөй кетип бараткандай: эркектин милдети, аялдын укугу мындай калып эле, балээ болсо да өзүбүздүкү болсун демейге өттүкпү?

Булак: "Майдан.kg" газетасы