Бишкек карантинде отурган маалда Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы сейил багы ачылган эле. Көпчүлүк антип-минтип карантинден чыгып, жаңы парктын көркүн көрүп үлгүрө электе талкаламай башталды.
Баатырдын ысымы чегерилген жазууларды бирден чыгарышып, бөтөлкө ташталчу урнага башка таштандыларды толтуруп салышкан. Аны ким кылганы белгисиз, бирок ата-энеси менен чогуу эс алууга барган жаш балдардын эстеликтин үстүнө чыгып, тебелеп-тепсеген видеосу соцтармактарга тарады. Бир жагын жасап жетише электе, экинчи жагын бүлдүргөндөргө өтө эле жолдуу экенбиз. Паркты колдонуунун эрежелерин эскерте берип мэриянын да тили тешилгендей болду.
Булак: "Майдан.kg" газетасы