Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1594 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 23 бейтап сакайды. Муну менен бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми, өлкө боюнча обсервацияда 2 648 адам жатат.
Жаңы катталган учур:
- Бишкек шаарында 11 адам + Санкт-Петербургдан келген 10 адам;
- Ош облусунда 4 адам;
- Ош шаарында 35 адам;
- Нарын облусунда 13 адам;
- Чүй облусунда 1 адам.