Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен видеоконференция режиминде жолугушуу учурунда билдирди.
Амгаабазар билдиргендей, COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.
“Дүйнөлүк банк акыркы 25 жыл ичинде республикада бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда. Билим берүү тармагындагы наркы 50 млн АКШ доллары суммасындагы жаңы долбоорду өзгөчө белгилесе болот”, - деп билдирди Болормаа Амгаабазар.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү гепатиттен жабыркагандар үчүн дары-дармектерди сатып алуу маселесин жумушчу тартипте иштеп чыгуу зарыл экендигин кошумчалады.
Булак: media-center.kg