Ошондуктан үйүңдөн тартып, Ааламда эмне болуп жаткандыгын билип коёсуң. Билип кана чектелбей, өз пикириңди айтып, сындасаң да болот эмеспи. Дал ушул жагдайдан улам жеке колдонуучулар мамлекеттик саясатка чейин сындап, айрыкча депутат, саясатчылар коомдук талкуунун бутасына айланып калууда.
Бирок эмнегедир Гүлшат Асылбаева деген бир ооз кыргызча билбеген, өзү мурда коньяк заводдо директорша болуп иштеп, ошол бизнесинен тапкан акчасынын күчү менен мандат алган айымга дүйнөлүк маалымат процесси жакпай, жерди тескери айлантам дегендей эле мыйзам долбоорун сунуштап, интернет колдонуучулардын жүрөгүн түшүрүп аткан. Көрсө, анын бул мыйзам долбоору өзүнүн “самопал” коньягындай эле жасалма-плагиат же орусчадан көчүрмө экен. 
Бул тууралуу Factcheck.kg сайты иликтеп, биздин депутаттардын  россиялык мыйзамды сөзмө-сөз көчүргөнүн аныктады: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунда плагиат, ал эми анын маалымкат-негиздемесинде бир нече ката жана манипуляция табылган.  Анын демилгечилери Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Маалыматка караганда Асылбаева дагы бир россиянын мыйзамын көчүрүп алган.
Аталган сайт андан ары төмөндөгү маалыматты келтирген:
20-майда Гүлшат Асылбаева  жетектеген депутаттар тобунун демилгеси менен “Балдарды алардын саламаттыгына  жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды. 
Мыйзам долбоорунун аталышы аркылуу издөө салып, 2010-жылы 29-декабрда кабыл алынган Федералдык мыйзамга туш болдук.
Текшере келгенде, Гүлшат Асылбаева жана башка депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору россиялык мыйзамдын сөзмө-сөз көчүрмөсү болуп чыкты.
Бир гана айырмачылыгы, мыйзам долбоорунун 3-беренесинде эл аралык келишимдердин үстөмдүгү көрсөтүлгөн.
“2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер каралса, эл аралык келишимдин нормалары колдонулат” (россиялык мыйзамдан айырмаланган жападан жалыз пункт).
Дагы бир чакан айырма — балдардын жаш курагында. Россиялык мыйзамда 6 жашка чейинки жана андан кийинки жаш курактагы балдар үчүн маалыматтык өндүрүмдөр деп берилсе, кыргызстандык мыйзамда - 7 жаш жана андан жогору деп айтылат,  ал эми 100 метр аралык 200 метр  болуп өзгөрүп калган. Балдарга зыян келтирүүчү маалыматты балдар мекемелеринен дал ушул аралыкта жайылтууга жол берилбейт. 
Россиялык мыйзамды көчүрүүдө эл өкүлдөрү ката кетиргенге да жетишкен.
Эл өкүлдөрү сунуштаган мыйзам долбоору text.ru кызматы аркылуу текшерилип, россиялык мыйзамдын беренелерине 86% дан 100% на чейин окшоштуктар табылды. (бир гана 3-беренеде  66% гана окшоштук табылган).

Булак: "Майдан.kg" газетасы