Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына Памирден келип, Нарында жашап жаткан кызгыздар үчүн турак-жай салына баштады. Анын курулушу  21-майда башталганын Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, айыл өкмөттөн бөлүнгөн 1,2 гектар жерге, 7 үй курулат жана ага Республикалык бюджеттен которулган 10 миллион сом жумшалат.
Жумуш башына Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев да катышты. Ал Памирден келип, Алайда жашап турган кыргыздардан да кабар алып, азык-түлүк тапшырды. Ал эми боордоштор берилип жаткан жардамдар жана камкордуктар үчүн ыраазычылык билдиришти.
Учурда Алай районунда жашап жатышкан памир кыргыздарынан 50 адамдан турган 11 үй-бүлө 2019-жылы көчүрүлүп келинген. Алар Сары-Таш айыл аймагында мектептин имаратына жайгаштырылып, тийиштүү тиричилик техникалары менен камсыз болушкан. Азыр жаш-кары дебей мектеп программасында окутулуп жатат.
Ошондой эле, 2017-жылы Ооганстандан Нарынга да 50 адамдан турган 11 үй-бүлө келип, жатаканаларга жайгаштырылган. Учурда алар Нарын облусунда турушат. Ошентип алардын турак жай маселелери чечилип, Алай районуна көчүрүлүп келе турган болууда.
Былтыр алардын 18и Ооганстанга кетип, бирөө кайра кайтып келген.
Өкмөт эми жоголуу алдында турган Памир аймагындагы үч миңге жакын кыргыздардын баардыгын көчүрүп келип, үй салып берсе, алардын сообуна гана калмак. Бир чети өкмөт башында эле памирлик кыргыздарды Нарынга эмес, алардын түпкү мекени болгон Алай өрөөнүнө көчүрүп келсе жакшы болмок.

Булак: "Майдан.kg" газетасы