Кечээ, 26-май күнү Ош шаардык мэриясынын жана санэпидемстанциянын өкүлдөрүнөн, милиция кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия Ош шаарындагы түнкү клубдарды жана тамактануучу жайларды текшерди. Анын жыйынтыгында санитардык эрежелерди так сактабаган ишкерлерге протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.
Эскертүү берилген кафелердин биринде администратор болуп иштеген Азамат Акышов мындан ары талаптарды аткарып, санитардык эрежелерди сактай турушканын билдирди.
«Учурда биздин кызматкерлер кардарларды сырттан тосуп алышат жана бет кап менен келген кардарларды тейлешет. Имаратка кирип жатканда колу-бутун дезинфекциялап, дене табын өлчөшөт. Ар бир келген кардарыбыздын саат канчада келип, кайра кеткендеги китепчеге жазылып турат. Кардардын дене табы жогору экени билинсе дарыгерлердин тобун чакыруу керек экенин билдик», - деди Азамат Акышов.
Мындан сырткары Ош шаарындагы кафелердин биринде дискотека уюштурулуп, ал жерде Индиядан келген студенттер эс алып жаткандыгы аныкталды. Аталган кафенин ээсине айып пул салынып, кафенин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.
Айрым кафелердин кызматкерлери комиссиянын мүчөлөрүн көрүп, эшиктерди ичинен бекитип, жарыктарын өчүрүп салышты.
Ош шаардык санэпидемстанциянын жетекчиси Сейит Курбаназаров кафе жана түнкү клубдарда кандай санитардык эрежелер сакталыш керек экенин айтып берди.
«Өлкөдөгү кырдаал элдин баарына эле белгилүү. Экономиканы жандандыруунун 3-этабында коомдук тамактануучу жайларга санитардык эрежелерди сактоо менен иштөөгө уруксат берилген. Эрежелерди сактабаган ишкерлерге 3 миң сомдон айып пул салынып жатат. Биз кафе, ресторандарга уруксат бергенибиз менен көпчүлүк ишкерлер санитардык эрежелерди так сактабай жатат. Мындай учурда биз аларды көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биздин максат – айып пул салып, кафени жаап коюу эмес, ишкерлерди санитардык эрежелерди так сактоого тарбиялоо. Эгерде айып пулду төлөп коюп ишмердүүлүгүн улантса, анда 23 миң сом айып пул салынат. Анда да эрежени толук сактабай иштей берсе, аларды укук коргоо органдарына тапшырып, ишин сот органдарына өткөрүп беребиз. Санитардык эрежелерди сактоого көп каражат коротулбайт. Болгону орундуктардын ортосунда 1 метрден 3 метрге чейинки аралык сакталып, ар бир орундукта антисептик каражаттары орнотулушу зарыл. Мындан сырткары кафенин кире беришинде кардарлардын дене табы өлчөнүп, бет кап менен гана киргизсе болот», - деди Сейит Курбаназаров.
Айып пул салынган ишкерлер маалымат берүүдөн баш тартышты.
Turmush