Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүнөн анализдеринин жыйынтыгы толук чыга электе чыгып кеткен аялдар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 25-майда саат 12:10 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндөгү аялдар анализдери толук чыгып бүтө электе эшиктин кулпусун сындырып, обсервациялык пункттан чыгып кетишкен. Жалпы 18 аял кетип, 4 аял ошол жерде калышкан.
Бул окуя боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Жазык кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмү (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Abal.kg