24-майда Баткен районунун Мойнок жерлигиндеги кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, эки өлкөнүн чек арачылары атышып кетишти. Маалыматка ылайык, бул ирет Мойнок аймагына Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес.
“23-майдан тарта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары Баткен районунун Мойнок аймагына малын киргизип, жайып жиберүүгө аракет кылган. Тажикстандын Чек ара күчтөрү мыйзамсыз бул кадамдарды эки күн бою көрүп туруп, бирок ворухтуктарга карата эч кандай чара көргөн эмес. Жыйынтыгында кыргыз тараптын аскерлеринин мыйзамдуу талаптарына Тажикстан жактан Кыргызстанды көздөй ок чыгарышкан", - деп айтылат расмий маалыматта.
КР Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кесиптештеринин атышуу боюнча берген маалыматына нааразылыгын билдирди: “Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Чек ара күчтөрүнүн ЖМКларга бул чатак боюнча берген комментарийине таңгалгандыгын билдирет. Тажик тараптын мындай маанайдагы маалыматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ар кыл деструктивдүү күчтөрдү чагымчылдыкка алып барарын түшүнүшү керек”.
Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин аталган аймактагы чатакты коңшулук жылуу мамиледе, эл аралык укуктардын жана эки тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында чечүүгө чакырды.
Расмий маалыматтарда ок атышуудан 19 жаштагы тажик аскер кызматкери жаракат алганы айтылды. “Кыргыз тарап чек арадагы кырдаалды жасалма түрдө курчутууга аракет кылып жатат”- деп айыптады Тажикстан. 
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы “акыркы маалда кыргыз-тажик чек арасында абалды тажик тарап атайын курчутуп жатат”- деп билдирди. 
Ошондой эле “биринчи болуп ок чыгарып, жасалма түрдө кырдаалды курчутуу тажик тарапка гана пайдалуу”- деп белгиледи. 
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде 8-майда эле чатак чыгып, ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районунун Чек айылында кыргыз-тажик жарандары 50 сотке жер талашып, чатакташа кетишкен. Окуяда үч кыргызстандык аскер кызматкери октон жаракат алган. Алардын биринин абалы оор бойдон калууда. 


Булак: "Майдан.kg" газетасы