Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1520 адамга жетти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 28 адам йыгып чыкты. Муну менен айыккандардын жалпы саны 1043 адамга жетти.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 9 адам + 2 Санкт-Петербургдан келген адам;
- Ош облусунда 2 адам;
- Ош шаарында 7 адам;
- Баткен облусунда 1 адам;
- Нарын облусунда 17 адам;
- Жалал-Абад облусунда 3 адам;
- Чүй облусунда 3 адам + Оренбургдан келген 8 адам.