Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Бала бакчалардын иши тууралуу айтып өтсөм, биз жүргүзгөн мониторинг көрсөткөндөй, 9 миңден ашык ата-эне балдарын бала бакчага жөнөтүүгө макул. Бирок биз биринчи кезекте коопсуздук жагын карап жатабыз. Биз үчүн балдардын ден соолугу, өмүрү алдыңкы орунда турат. Ошондуктан абал жакшырса жана тиешелүү мекемелер бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берсе, биз бала бакчаларды баскыч-баскыч менен ачууга даярбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы жеке менчик бала бакчаларды 1-июндан тарта иштешине уруксат берүүнү бийликтен талап кылып, кайрылуу жасаган. Анда 25-майдан тартып дээрлик бардык тармактарда иш жанданып, элдин баары жумушка чыкканы, ата-энелер майда балдарын кимге калтырарын билбей убара тартып жатканы жазылган.

Ассоциация буга чейин эки жолу кайрылганын белгилеп, бул жолу уруксат берилбесе да ишти баштоого мажбур болорун билдирген. Эгер аларга чара көрүлө турган болсо алар Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгууга даяр экендигин айтышкан.

Булак: elgezit.kg