Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын  жалпы саны 1468 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 23 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 12 адам + Санкт-Петербургдан келген 4 адам;

- Ош облусунда 4 адам;

- Нарын облусунда 8 адам;

- Чүй облусунда 4 адам + Соль-Илецктен келген 3 адам.