Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерин Москвадан операция жасатуу маселеси каралып жатат. 

Адилет Султаналиев: "Бул маселе көзөмөлдө. Жоокердин апасы менен жолугушуу өткөрүлүп, операциянын эки варианты талкууланган. Бишкекте консилиум болгон. Дарыгерлер операцияны бул жактан жасай алышат. Бирок ата-энеси Москвадан деп суранууда. Чек аралардын жабыктыгына байланыштуу аны Москвага жеткирүү маселеси каралып жатат",- деди.

Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда академик Миталип Мамытовдин катышуусу менен Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери онлайн консилиум өткөргөндөн кийин жоокерди дарылоо ыкмасы өзгөртүлгөнүн 22-майда кабарлаган.

Бейтаптын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жарадар болгон үч жоокери - Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан ооруканадан чыгарылды.

Ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбекке алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисинен операция жасалган.

14-майда жарадар жоокердин туугандары аны Орусиядан дарылатууну суранып жатышканы парламентте айтылган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген.

Булак: "Азаттык"