Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган аймакта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары мал кайтарууга аракет жасашкан.

«Тажикстан тараптагы белгисиз адамдар кыргызстандык чек арачылар тарапка ок атышкан. Саат 11:40 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Жаңжалдан Кыргызстандын чек арачылары жабыркаган жок.

Саат 12:20да эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, окуя болгон жерге барышты. Учурда аталган тилкеде абал салыштырмалуу туруктуу. Тараптар окуянын чоо-жайын териштирип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде