Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабынан билдирди. Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу. 

М.Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты.

Республикалык штаб анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 15 адам көз жумду.