Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1403 адамга жетти. Ал эми, акыркы сутка ичинде 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ошону менен жалпы сакайгандардын саны 980 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 5 адам + Санкт-Петербургдан келген курсант;
- Ош облусунда 2 адам;
- Жалал-Абадда 1 адам;
- Баткен облусунда 1 адам;
- Нарын облусунда 25 адам;
- Соль-Илецктен келген 3 адам.