- Турсунбек мырза, “Чоң Казат” кыймылынын аракети түрдүү талкууга жем таштады. Булар элди туура жолго үндөп жатабы же адаштырып жатышабы?
- Бул жигиттердин көтөргөн маселеси, принциби, багыты туура. Элге айтпай турган нерсени кухняда, үйдө, тар чөйрөдө айтылып, коомчулукка чыкпай турган иштерди коомчулукка чыгарып жатышат. Негизи ачыкка чыгып, талкуу кылган жакшы. Мен бул балдардын ушунусу үчүн сыйлайм. Бирок, айткандарын ишке ашыруунун механизмдерин Конституциянын, эл аралык мыйзамдардын негизинде талкуулап, иштеп чыгышы керек. Булар көп нерсени билдик дешкени менен тажрыйбасынын аздыгы ачык эле көрүнүп, байкалып жатат.
- Айрымдар Сыймык Жапыкеевдин “криминалдардын жолун жолдоп, байлардын мүлкүн тартып алабыз да, тышкы карыздан кутулабыз”- деген маселеси акылга сыйбайт. Булардын аракети мамлекетти аңга түртөт”- деп кооптонуп жатышат го?
- Булар негизи туура маселени көтөрүштү. Эртеби-кечпи мамлекеттин байлыгын талап-тоноп кеткендер боюнча мындай маселе көтөрүлмөк. Анткени, Акаевдин, Бакиевдин доорунда эсепсиз байлыктарды басып алгандар бар. Ошолор кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз мамлекеттин казынасына кол салган болсо, мыйзам чегинде каралыш керек. Кылмыш ишин козгоп, прокуратура алардын ишин өндүрүшкө алып, комиссия түзүп, тергеш керек. Анткени, шайлоо алдында президенттин программасында коррупция менен күрөшүү айтылган. Коррупциянын айынан канчалаган чиновниктер камалып жатат. Канчасы качып кетти. Мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байыгандарга президент да, мамлекет да көңүл бөлүш керек.
Себеби, менчиктештирүү мезгилинде элдин башын айландырып, бир ууч киши байып алган. Депутаттар да калпыстыкка жол берип, аларга ылайыктап мыйзамдарды кабыл алып берген. Ошон үчүн бул маселе мыйзам чегинде каралып, күмөн жараткан жагдайлар иликтениши керек.
Ал эми чоң-казатчылардын басып алабыз дегендерине жол бербешибиз керек. Себеби, менчиктелген мүлктү күчкө салып кайрадан тартып алабыз дешсе, ал опурталдуу болот. Эгерде ушундай иштер башталып кетсе, араң турган Кыргызстанда граждандык согуш болуп, атышуу же бири-бирине кол салуу болуп кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да маселени мыйзамдын алкагында чечүүнүн жолун табышыбыз керек.
- Чоң-казатчылардын куран карматканы туурабы?
- Бул балдарды бир жактуу каралагандан алысмын. Буларды каралагым да келбейт. Бир жактуу мактай да албайм. Бирок, жакшы сезим менен чыгып жатышканын сезип жатам. Эми бирөөлөргө кол жоолук болбой, кимдир бирөөнүн камчысын чаппай, аягына чейин турушу керек. Болбосо, элдин аларга болгон ишениминен тез эле ажырап калышат. Булар орто жаштагылар болгону менен, саясий тажрыйба, укуктук жактан билими жетишсиз болуп жатат. УКМКда, ИИМде, прокуратурада иштедик дешкени менен булар катардагы эле кызматкер болушкан. Тагыраагы, жетекчилик кызматтарда болушпаганы үчүн калпыстыктарга жол берип жатышкандай. Ошон үчүн буларды тарбиялаш керек. Ошондой эле маданияттуулукка да үйрөтүш керек. Маселен, Куранды тапшырып жатканда улуу киши ордунан туруп келип атса, жаш бала отуруп алып, атасындай болгон киши менен сүйлөшүп жатат. Улуу киши турса, кичинеси да тура калса болмок.
- Негизи “Чоң Казат” көтөргөн маселелерди өкмөт мамлекеттик деңгээлде ишке ашырса болот беле?
- Албетте болмок. 3-4 жыл мурун Абылгазиев баштаган өкмөт “Чоң Казат” көтөргөн маселелерди өз программасына киргизип, мамлекеттин эсебинен байыгандарды кустуруу, иш козгоо, каматуу деген маселени баштаганда эл буларды эмес, өкмөттү колдомок. Бул балдарга демилгени убактылуу тарттырып жиберишти.
- “Чоң Казатка” макул болбогон жериңиз барбы?
- Бар. Булар “бийликке келсек, мыйзамдын баарын 100 пайыз жокко чыгарып, анан кайра жазабыз”- дешүүдө. Ушул жерине макул эмесмин. Бул жери жаңылыштык. Конституциянын, эл аралык нормалардын негизинде иш кылып, туура эмес мыйзамдарды оңдойбуз дешсе башка кеп болмок.
Булак: "Майдан.kg" газетасы