- Сабыр байке, салтка айланган узун кеп-маегибизди улайлы. Бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус тумоосунун биздин өлкөгө да таасири тийип, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилип, карантин, коменданттык саат болуп, жумуш токтоп, күнүмдүк тапканы менен күн көргөн эл ачка болуп чыдамы кетип жатат.
Сыртта иштеп жүргөн жарандарыбыздын көбү жумушсуз калганына байланыштуу өлкөгө кайтууга мажбур болуп, пандемияга байланыштуу транспорт каттабай, чек аралар жабык болгонуна байланыштуу ара жолдо кыйналууда. Карантиндин катаал шарттарынан улам нааразычылыктар да арбып, ага кошул ташыл алдыдагы парламенттик шайлоого карата саясый күчтөр активдешип, элдин бүйүрүн кызытып жаткандай. Ушул маселелердин тегерегинде кеп куралы деп турам. Сиз азыркы кырдаалга кандай баа берээр элеңиз? “Нараазычылыктар чектен чыгып, саясый туруктуулук бузулуп кетүү коркунучу бар”- дегендердин айтканында негиз барбы?
- Биринчи пандемиядан баштайлы. Бул жалпы жер шарына келген апаат болду. Бүт адамзат айласы куруп, азап чегип атат. Чыдамдуу болуп, эрежелерди сакташыбыз керек. Бизден мурунку муун мындан да катаал заманды баштан кечиргенин унутпайлы. Коркуп атып эле өлүп калыш мүмкүн. Коркпош керек.
Окумуштуулар бул тумоонун эми күздөгү, кыштагы этаптары болоорун айтып атат. Андыктан белди бекем бууганга даяр болушубуз керек. Сабырдуулук, биримдик, эрк керек бизге. Биздин өлкөдө, башка мамлекеттерге салыштырмалуу, Кудаага шүгүр, көрсөткүчтөр жаман эмес. Бу да болсо, биздин бийлик тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасы.
Эми мына, өзгөчө абал токтотулуп, бир топ тармактар жумушун баштады. Дагы басаңдаса, башка да тармактар ишке киришсе бул кыйынчылыктар да унутулат. Турмуш өз нугуна кирет. Ал үчүн, зарылчылыгы жок үйдөн чыга бербей, чыкканда да көчөдө, жумушта болобу ыксыз контактыларды болушунча азайтып, коопсуз аралыкты сакташыбыз керек.
Азыр коомчулук бул вирус тууралуу бир далай эле маалыматтарды билип калды. Кантип таркайт, эмне аркылуу жугат, баары белгилүү... Сактанышыбыз гана керек. Жайылтып алышыбыз мүмкүн. Анда баары кайрадан башталып... Мына ошондо ачарчылыкты, көптөгөн чыгым, жоготууларды көрүшүбүз мүмкүн.
18-майга карата 78 адамдан кокронавирус аныкталып, адаттагыдан арбын көрсөткүч катталганы кооптонууну пайда кылып жатат. Бул эмнеден улам көбөйүп кетти? Өзгөчө абал алынганы,-“аа бүттү”- деп, кенен кесири баскандар көбөйгөндөн улам болдубу (?), же сырттан келегендердин саны көбөйгөндөн уламбы?
Орусиядан келген обсервациядагы топтун ызы-чуу салганы, алардын кысымына туруштук бере албаган өкмөттүк комиссиянын аларды үйлөрүнө таркатып жибергени коомчулуктун катуу сынына кабылып жатат. Эми ал мыйзамды, коомду сыйлабаган адамдар үйлөрүнө жеткенче канча жерди аралап, канча контакт болот? Анан, ушу окуядан кийин, алардын үй карантинин эрежелерин сакташаарына ким ишенет? Бул жерде жалпы республиканын калкынын коопсуздугу тууралуу маселе болуп жатат. Ошондуктан “катуу туруп, керек болсо камакка алуу чараларын көрүш керек”- деп жаткандардыкы туура деп эсептейм. Өкмөттүн мындай жоопкерчиликсиз мококтугу кылмышка тете. Жайылып кетсе балээ болот да. Андыктан бул жагынан өкмөттүк комиссия бекем болбосо болбойт.
Анан экинчи, нааразычылыктарга сен айткандай саясаттын, саясатчылардын да таасири болуп жатат. Негизи эле экономикада, турмушта көйгөйлөр арбын болуп эл нааразычылыгы күч алганда, же нааразычылык жокто деле кандайдыр бир саясый өнөктүктү утурлай саясатчылар активдешип, элдин көңүлүн өзүлөрүнө буруп упай топтоого киришет эмеспи.
Азыр пандемия убагы да алдыдагы күздө боло турган парламенттик шайлоого карата элдин көңүлүн алуу иш чараларына дал келип калды. Саясатчылардын баары тең ансыз да ачкадан кыжырданып турган көпчүлүккө таасир эткенге аракеттенишүүдө. Байлар, колунда бар саясатчылар гумжардам таркатып, колунда жок ураа патриот саясатчылар “элди көзгө сайып”, мамлекетибизди “итке мингизген” ууру-кески, олигархтарга тукуруп, дагы башкалары бийликтин каталарын санап абройун түшүрүү үстүндө алектенип, айтор баары эле шайлоого карата электорат топтоо үстүндө.
Ансыз да нааразы болуп, жаны кашайып турган элге пандемиянын таасири бир тең да, кара жанынын камын биринчи орунга коюп жандалбастап жаткан саясатчылардын аракети бир тең болуп жатат. Саясатчылардын аракети нааразычылыкты күчөтүүчү фактор экени талашсыз. Эки фактор кошул ташыл. Андыктан, чыдамы кеткен элдин нааразычылыгы күч алып, көчөгө чыгып кетпейт деген кепилдик жок.
- “Чоң казат” деген кыймыл эгемендикке ээ болгон 30 жылда өнүгүп өспөй, коррупцияга малынып, карызга батып калганыбызды зар какшап, мамлекетибизди ошондой абалга жеткизген байларды айыптап, аларды жазалоого үндөп чыгышты. Карапайым элдин көпчүлүгү “чоң-казатчыларды” колдоп, кай бир саясатчылар, эксперттер тетирисинче алардын мындай аракетин айыптап, айтор, коомчулук ичинде кызуу талкуу жүрүп жатат. Сиз кандай дейсиз?
- Биздин коом бай-кедей болуп бөлүнүп калды. 70 жылдык советтик доордо бизден мурунку муундар, биздин аталар, чоң аталар жараткан, жалпы элдик мүлк, советтик мүлк менчиктештирилип (приватизация) бөлүнүп берилди. Анткени коммунистик идея банкрот болуп, базар экономикасына өтүүгө туура келди. А базар экономикасы жеке менчиксиз болбойт.
Анан эбегейсиз көлөмдөгү советтик мүлктү менчиктештирип алуу үчүн баалуу кагаз чыгарылып, “ваучерлер” элге таркатылды. Натыйжада ал ваучерлер тыйынга арзыбай даарат кагаз болуп, мамлекеттик менчикти бийлик башында тургандар каалагандай менчиктештирип, өзүлөрүнө, туугандарына жаздырышып, олигархтар пайда болду. Эмгекчи элдин да завод, фабрика, ж.б. менчиктерге ээлик кылуу каалосу болду, бирок аларды менчикке эч ким жолоткон жок. Бул тикелей алдоо, элди тоноо болду. Эл да өз баасын берип, приватизацияга “прихватизация” деген ат койду.
Ошондон бери биздин элде жаңы байларга, жаңы менчик ээлерине, ошо кездеги аткаминерлерге болгон элдин жек көрүүчүлүк сезими бар. Андан тышкары ошол элдик менчикти басып алып, айлап-жылдап бийликте отургандарды: “Корупцияны өркүндөтүштү, карызга батырышты, элди тентитти, келечекти өчүрүштү”- деп да айыптап, анысын да эл колдоп жатат.
Эки жолку элдик көтөрүлүштөрдө тең эл негизинен ушу маселе үчүн көтөрүлүп, бирок көксөөсү суубай калган. Ошондуктан ким, качан бул маселени көтөрбөсүн, ар дайым эл ичинен кеңири колдоо таба берет. Бул айыптоолор “Чоң-Казатсыз” эле, Сыймык Жапыкеевсиз эле эбактан бери эл оозунан түшпөгөн сөз. Учурдагы кыйынчылык, нааразычылыктар, алдыда келе жаткан шайлоо кошул-ташыл болуп, чоң-казатчылардын деми менен, Сыймык Жапыкеевдин блогу аркылуу, бүгүн бул маселе “хайпка” айланды.
Бул жерден эми, жаштар чын дилден руханий жаңыланууга үндөп жаткан жок деп да айта албайбыз. Булардын ичинде, чын дилден “көр турмушту” оңдойлу дегендер албетте көпчүлүк, бирок, “бир ууру жакшы, бир ууру жаман”- деп, арам оокатка кызыккан кумалактар да жок эмес экени байкалып калды.
“Чоң Казаттын: “Байлардын мүлкүн кайра тартып алып, тышкы карызды жабабыз” деген чакырыктары биринчиден мыйзамсыз, экинчиден, андан да коркунучтуусу, саясый туруктуулуктуу бузуп жибере турган провакациялык кадамга тете экени да талашсыз. Анткени бул идеяны колдоп көчөгө чыгууга даярлар бар экени, талпынып “кеттик, кеттик” деп аткандар соцтармактарда ачык чыга баштаганы көрүндү.
Бул жаштардын негизги максаттары шайлоого карата протесттик электораттын, жана ошондой эле жалпы карапайым элдин көңүлүн өзүлөрүнө буруп, шайлоочулардын колдоосуна ээ болуу болгон - дегендердикин да жокко чыгара албайсың. Башы ошондой башталып, анан бара-бара, “кызый кызый кыздын койунуна кирет” болуп хайпка айланып кеткендей.
Маңкуртташкан, добуштар сатылган коомдо олигархтар менен тең тайлаша тургандай акчасы жок жаштар кантсин? Алардын, ушундай Робин гуд образы менен шайлоого аттанышы кандайдыр бир деңгээлде байларга ызырынган электораттын добушуна үмүт арттырбай койбойт. Бирок бул аракеттер, кандай деген күндө да, от менен ойногонго тете. Анткени элдин коопсуздугу, саясый туруктуулук баарынан кымбат. Тополоңдон пайда жок, андан артка гана кетээрибизди тарых эки ирет далилдеген. Муну мен, эки жолку элдик көтөрүлүштүн тикелей катышуучусу катары айтып жатам.
- Бизге бөлүнгөн көлөм да толгону калды. Акыркы суроо. Эми ушундай бай-кедей ажырымы, тиреши, жек көрүүчүлүк бар экен... Коом кеч болсо да адилеттүүлүктү талап кылып атат. Мыйзам болсо андай экспроприяцияга, улутташтырууга жол бербейт экен. Ошондо бийлик кандай кылышы керек? Олигархтарды колдосо элге жек көрүнөт, адилеттүүлүк болбойт. Элди колдосо мыйзамсыздыкка жол салат. Кантиш керек анан?
- “Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” деген ушу. “Болоору болду, бойосу канды” деп коёт кыргыз. Приватизациянын жыйынтыгын кайра карай турган болсок, өмүр бою бүтпөс чырга кабылабыз. Граждандык кагылышууларга чейин кирип кетишибиз толук мүмкүн. Анткени ошол эле алып кайра бөлүштүрө тургандардын алкымын ким тыят? “Алтынды көргөндө пайгамбар жолдон тайыптыр” деген сөз жөн жерден чыккан эмес.
Бирок бул байларды да тим койгон болбойт, элдин нааразычылыгы токтоп унутулгандай кылышыбыз керек. Байлар кутуруп жол тандабастар менен жүрөбү? Жүрсүн, минсин. Бирок, эмне үчүн ал сен экөөбүз менен бирдей налог төлөшү керек? Ал бай да... 100 миң долларлык машине мингиси келеби, төлөсүн айына 200 доллардан. Ага чыдабаса жөнөкөй машине минсин.
Башка мүлктөрүнүн баарына ошондой жогорулатылган салык салынсын. Атасынан калган мүлкү эмес, ар кандай мыйзамсыз ыкмалар менен байыган. Эң таза, ак эмгеги менен байыган дегендериң да, мамлекеттен жеңилдетилген кредит, имарат, ар кандай кымбат баалуу жерлерди ит бекер алганы чыгат.
Кутурбасын, уялсын, коркуп, сестенип жүрсүн. Салыктан качса, жашырса аёсуз жазалансын. Мыйзам катуу болуш керек. А бул байлар акчага мандат сатып алып, өзүлөрүнө ылайыктап мыйзам чыгарып алып отурушпайбы. Демек булар парламентке келбегидей кылыш керек. Акча чачса, добуш сатып алып жатса кармалсын, камалсын, мүлкү конфискациялансын. Коопсуздук кызматы, укук коргоо органдары тазалансын, иштесин, карашсын. Ошондо гана оңолуу жолуна түшөбүз. Бийлик ушундай позицияны карманганда гана элдин колдоосуна ээ болуп, таза, адилет бийлик катары тарыхта калат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы