Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын  жалпы саны 1365 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 8 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ошону менен  жалпы сакайгандардын саны 957 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 3 адам + 9 Санкт-Петербургдан келген адам, курсанттар;

- Чүй облусунда 1 адам;

- Ош облусунда 1 адам;

- Жалал-Абад 1 адам.